БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жамал Сейдакматова улуттук кино өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик театр ачып, бул жаатта бурулуш жасап жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди койгон.
Бул саптар Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын каза болгондугуна байланышуу берилген некрологдо жазылган.
Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 16-февралында кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жараткан.
1958-жылы биринчи ирет "Алыскы тоолордо" көркөм фильмине тартылган. Андан соң "Ташка баткан элестер" көркөм тасмасында Жамалдын, "Өрүкзардагы баян" фильминде Зууранын, "Ак илбирстин тукумунда" Бегайымдын, "Курманжан даткада" Курманжан датканын жана башка кинокартиналарда ролдорду өтө жогорку деӊгээлде аткарган. Актрисанын кайталангыс талантына чет элдик режиссерлор да жогору баасын берип, ал "Мосфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" киностудиялары тарткан фильмдерде роль жараткан.
"Кыргыз керемети" деп аталган мезгилде экрандаштырылган кыргыз фильмдеринде ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. 1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик "Тунгуч" театрын ачкан. Театр өнөрүндө бурулуш жасап, жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди коюп, Колумбия, Улуу Британия, Германия, Иран, Египет, Кытай, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги эл аралык фестивалдарга катышып, баш байгелерди багындырган.2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында Сейдакматовага "Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы" номинациясы берилген.
Залкар актрисанын эмгеги жогору бааланып, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамына татыктуу болгон.
Сахна жана кино жылдызы Жамал Сейдакматованын жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Sputnik улуу актрисанын тасмада калган элестерин сунуштайт.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айдоочулар жаңы автоунаа сатып алууда беш нерсени эске алышы керектигин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, биринчи кезекте унаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулардан (дилер) качуу керек. Себеби кийин көйгөйлөр болсо аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.
Экинчиден, компанияда токтоп турган жаңы унаалардан албай эле, өзүңүздүн атыңызга буюртма кылып күтө турган оң. Себеби ашыкча эле опцияларга каражат кетиши мүмкүн.Документтерди толтурууда майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле адистер автоунаанын баасы, алып кетүү убактысы жана дилердин жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат алууга кеңеш берген.
Мындан тышкары, автокөлүктү сатып алууда арзандатуулар тууралуу сурап, машинанын алды-артын кылдат текшерүүнү эскертишкен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.
"Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз", — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.
Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.
Robert Sor.Thanabawon get back into the win column with a brutal leg kick KO3 against Saklek Kiatpetdecha. https://t.co/n02VAeMwW5 pic.twitter.com/hbYGwDUp6x
— Phan K.S. (@MTLevG) February 21, 2021
"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.
Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.