БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Озерное айылындагы жети жашар Ибрагимге эки бөлмөлүү батир белек кылышты. Бул тууралуу "Рахим" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айдар Окенов билдирди.
2015-жылы Аламүдүн районунун Озерное айылында кичинекей Ибрагимди агасы катуу сабап, комага түшүп калган. Бактыга жараша, дарыгерлер эки жашар наристени сактап калышкан, бирок ал өмүр бою майыптар коляскасына отуруп кала турган болду. Бул кайгылуу окуя көпчүлүк кыргызстандыктарды аң-таң кылган.
"Рахим" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айдар Окенов бул үй-бүлөнүн шартын көрүп, Көк-Жар кичи районунда жаңы салынган үйдөн эки бөлмөлүү батир белек кылууну чечкен. Бүгүн, 16-февралда, Сайимовага толук оңдолуп бүткөн аянты 55 чарчы метрлик батирдин ачкычын тапшырышты.
"Мен бул үй-бүлөгө 2017-жылдын май айынан бери каралашып келем. Алар биздин жалгыз бой энелерди колдоо программасына кошулуп, ай сайын 5000 сомдон алып турушат. Наристенин Россияда реабилитациядан өтүүсүнө кеткен каражаттын бир бөлүгүн да фонд төлөп берген. Ибрагимдин жан кейиткен тагдырын укканымда четте карап тура албадым. Аны менен тең менин да уулум чоңоюп келе жатат. Ошондуктан Ибрагим кабылган окуя мени терең ойго салды", — деди Окенов.
Бул үй-бүлөнүн күнүмдүк керектөөлөрүн эсепке албаганда эле жалаяк, дары-дармек, реабилитацияга бир топ акча керектелет. Баарынан да бейтапканага, мектепке жакын жерден үйлүү болууну эңсешкен.
Кыргызстанда Ибрагимге талап кылынган реабилитациялык борборлор жок болгондуктан баланы Россияга алып барыш керек.
"Бала баш сөөгүнөн катуу жаракат алган. Ооруканадан чыккандан кийин талма оорусунун оор формасы менен жабыркап, буту-колу шал болуп калды. Дарыгерлер бала айлана-чөйрөгө эч кандай реакция кылбайт деп айтышкан. Бирок реабилитациядан өтүп абалын бир аз жакшырттык. Азыр ал өз алдынча отуруп өзүн-өзү карай албайт, бирок ага сырткы чөйрө таасир берип жатканы байкалууда", — деди Сайимова.
Бүгүнкү күндө бул үй-бүлө мамлекеттен ай сайын 8 900 сом материалдык жардам алууда.
"Рахим" кайрымдуулук фонду да Ибрагим бойго жеткенче жардам берүүнү улантарын айтып, бардык кыргызстандыктарды четте калбоого чакырды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.