Баткен: балдарды жетиштүү тамактандыруу планы иштелип чыкты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүТамакатанып жаткан өспүрүм. Архив
Тамакатанып жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Адистер облустагы 10 баланын бири гана тоё тамактанарын белгилеп, бул багытта комплексттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аракети жүрүп жатканын айтышкан.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Баткен облусунда аялдардын жана балдардын ден соолугуна карап, тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында жалпы аракеттерди координациялоо үчүн тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Түшүм чогултуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредитти кантип кайдан алса болот. Шарттары
Адистер Баткен облусундагы 10 баланын бири гана тоё тамактанарын белгилеп, бул багытта комплексттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аракеттери башталганын айтышкан.
"Мындан улам мыкты тамактануу жана тамак-аш коопсуздугу боюнча облустун планы талкууга алынды. Анын артыкчылыгы жана эффективдүүлүгү белгиленип, планды ийгиликтүү ишке ашыруу милдеттендирилди. Негизги максат — жетишсиз тамактанган жаш балдарга, алардын камкорчулары жана репродуктивдүү курактагы аялдарга багытталат. Ошондой эле калк арасында көптөгөн өнөкөт оорулардын алдын алуу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Бул иш-аракет аймактагы тийиштүү органдар менен биргеликте ишке ашырылары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0