БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов мыйзамсыз кирешелерин адалдашырган деп жаңы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызмат Досоновдун мурда бир нече жолу соттолгонун жана эч жерде иштебей турганын, анын ичинде бизнеси жоктугун белгилеп өттү.
"Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылганы аныкталды. Ошондой эле бир катар курулуш компанияларын да каржылап келгени белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Кримтөбөлгө карата КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда УКМК тарабынан анын акча каражатынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы белгиленди. Тергөө жүрүп жатат.Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов 12-февраль күнү эки айга камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган. Кандай кылмыш экени айтылган эмес.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев орун басары, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу муфтият кабарлады.
"Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам. Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз. Жараткан маркум атаңызды өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп былтыр августта дайындалган.
Курманбек Байгелдиев — Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун уулу.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы калпак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгонун белгилеп, абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келгенин белгилеген.
"Ата-бабабыз кастарлаган ак калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыюусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр-азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген", — деп айтылат куттуктоодо.
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
"Кыргыздын улуттук кийимдери элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан-муунга таберик болуп сакталып калды", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда кыргыздын байыркы нарк-насили, улуттук көркөм дөөлөттөрү сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта берерине тилектештигин билдирген.