БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Максат ажы Токтомушевдин кызматтан кетишине өлкө жетекчилигинин эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармакка аудио жазылма тарады. Анда белгисиз киши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ага муфтийдин ордун убадалаганын айткан. Ошондой эле Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов менен дагы башка адамдар Максат ажыны мыйзамсыз негизде кызматтан алып салганын белгилеген.
"Соцтармакка тараган аудио жазылмадагы маалымат чындыкка дал келбейт. Ал чагымчыл мүнөздөгү материал. Садыр Жапаров экс-муфтий Рахамтулло Эгембердиев менен жолуккан да эмес, убадалаган да эмес!" — деди Байтерек.
Президенттин маалымат катчысы кайсы бир күчтөр коомчулукту дүрбөлөңгө салууга кызыкдар болуп жатканын кошумчалады.
Ушул эле күнү муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушев кармалганын УКМКдан билдиришкен. Андан соң баш коргоо чарасы тандалып, Биринчи май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.