Узакбаев: жылда эле ушу маалда көп бала пневмонияга чалдыгат, дүрбөлөңгө түшпөгүлө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада бала менен. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, пневмония менен учурда ооруканада 136 бала дарыланууда. Алардын абалы орто. Жандандыруу бөлүмүндөгү алты баланын абалы күн сайын жакшырып келе жатат.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев Бишкекте жана өлкөдө балдар арасында катталып жаткан пневмония оорусу жана ага байланыштуу азыркы кырдаал тууралуу маалымат берди.
Жакында эле шаардагы балдар ооруканасына бир күндө пневмония менен 32 бала жаткырылганы кабарланган. Узакбаевдин айтымында, бир күндө 32 баланын ооруканага түшүшү — бул өтө деле көп сан эмес.
© Sputnik / Дильноза АлымоваЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев
Директор Национального центра охраны материнства и детства Камчыбек Узакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев
"Вирустук инфекция күч алып турган мезгилде күнүнө мындан эки-үч эсе көп бала жатчу. Анын үстүнө Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы азыр коронавирус жуктургандарды эле кабыл алат. Ошол себептен да бизге кайрылып жаткандар көп. Пневмония менен ооруп түшкөн балдардыкы коронавирустан өрчүп кеткен деп айта албайбыз. Анткени пневмония вирус, бактериянын башка да түрлөрүнөн келип чыгат. Коронавирустан өрчүгөнүн тастыкташ үчүн көп убакыт изилдөө керек. Эмне болгон учурда да дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Жаткырылган балдардын абалы орто, баары эле айыгып чыгып кетип жатат. Пандемия башталгандан бери бизде пневмония боюнча бир да өлүм учуру катталган жок", — деди дарыгер.
Ал ооруканага пневмония менен жаткан балдар 1 жаштан 16 жашка чейинкилер экенин белгиледи. Узакбаев жылда ушул маалда вирустук-инфекциялык оору жана пневмония менен көп бала ооруп жата турганын эскертип, буга коронавирус да кошул-ташыл болгонун кошумчалады. Анын айтымында, былтыркы жылдын январь айына салыштырмалуу бул жылдын январында пневмония менен көбүрөөк бала ооруган.
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Сокулукта китепканачысы пневмониядан көз жумган мектеп аралыктан иштей баштады
"Ошол эле учурда сасык тумоо менен ооругандардын саны өстү деп айта албайм. Пневмония менен ооругандардын санынын өсүшүн биз коронавирус менен байланыштырып жатабыз. COVID менен ооруп айыккандан кийин иммунитети алсыз балдар көп убакытта өздөрүнө келишет. Бөбөктөрдүн организми вирустук, бактериялык пневмонияны тез эле кабыл алат", — деди дарыгер.
Оорукана жетекчиси кырдаал Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи.
"Кырдаал өтө деле татаал, оор эмес. Учурда биздин борбордо 136 бала дарыланып жатат. Күн сайын 170тен 220га чейин баланы алып келишет. Анын көбүн дарыгерлер көргөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтөт. Жылда эле күнүнө ушунча адам кайрылат. Азыр ооруканадагы балдардын абалы орто. Болгону алты чүрпө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын абалы деле күн сайын жакшырууда",— деди Узакбаев.
Дарыгер ата-энелерге кайрылып, ооруган балдарды убагында дарыгерге көрсөтүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0