БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Январь айында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Кавасаки синдрому менен абдан көп бала түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооруган балдардын 0,5-2,5 пайызында Кавасаки синдрому өрчүп кетет. Биздин өлкөдө мындай синдром балдар арасында декабрдан тарта каттала баштады. Январда бул синдром менен өтө көп бала түштү. Биз Саламаттык сактоо министрлигинин протоколунда жазылган эреже боюнча дарылоо жүргүздүк. Бир да баланы жоготуп алган жокпуз. Учурда борборубузда Кавасаки синдрому менен эки гана бала жатат. Дагы экөө ооруга шектелип келип, учурда текшерилүүдө", — деди Узакбаев.
Дарыгер аталган оору боюнча кырдаал министрликтин көзөмөлүндө экенин белгиледи.
"Азыркы тапта министрлик тарабынан 5-протокол бекитилгени жатат. Ал жакта Кавасаки синдрому менен ооруган балдарды дарылоо алгоритми да жазылган", — деди оорукана жетекчиси.Ал Бишкектеги ар бир Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда педиатрлар нөөмөттө турарын эскертти.
Кавасаки синдрому — учурда COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү катары белгиленүүдө. Бирок бул оору коронавируска чейин эле белгилүү болгон. Илдет сепсис оорусунан жана ушул сыяктуу балдарда кездешкен оор дарттан кийин да пайда болот. Ал көбүнчө кан тамырлардын, борбордук нерв системасынын жабыркашына алып келет. Кан оорулары менен жабыркагандар үчүн өтө кооптуу. Мында майда кан тамырлар сезгенип, кан айлануу системасы бузулат. Анын натыйжасында тромб пайда болот. Вирустук инфекция болгондуктан ооруган адамдын дене табы көтөрүлөт.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.