Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаров

Кудрет Тайчабаров: президенттин өзүнө сын айткан эки-үч кишинин биримин

1808
(жаңыланган 17:45 17.02.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаров менен маектешти. Белгилей кетсек, аталган мекеменин жетекчилиги 2020-жылдын 5-6-октябрь окуяларынан кийин алмашкан.

— Кудрет мырза, сизди буга чейин журналист, акын, блогер катары таанычубуз. Эми "Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетектеп, иштеп баштадыңыз. Бул кызматка кандайча келип калдыныз? Ким тарабынан сунуш болду?

— Журналист, блогер деп калбадыңызбы. Чындыгында мен Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин артыкчылык менен бүтүргөм. Бирок мамлекеттик кызматтарда айлык аз болгондуктан, башында журналистика тармагына кетип калгам. Ал жакта 15 жылдай жүрдүм. 2015-жылдан кийин гезиттин актуалдуулугу жоголо баштаганда башка тармакка кеткем. Бирок жазып жүргөндүктөн, кол көнүп калгандыктан соцтармакка билдирүүлөрдү чыгарып жатып эл мени блогер катары таанып калды окшойт.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагына жетекчи болуп ойдо жок жерден келип калдым. Анткени башка жумушка бара жаткам. Садыр Жапаров ошол учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу болчу. Ал киши "сен "Бишкек" эркин экономикалык аймагына бар, билимиң да туура келет. Мекемеде чоң иш бар экен, башка бирөө болсо сатылып кетиши мүмкүн" деген сыяктуу пикирин айтты. Мен жакшы түшүнбөй эле бара бергем. Көрсө, көп жылдан бери айрым аткаминерлер, депутаттар эркин экономикалык аймакты (ЭЭА) банкрот кылып, жеке башкарууга өткөрүүгө даярдыктар болуп келе жатыптыр. Инвесторлорду, өндүрүшчүлөрдү аймактан качыруу үчүн 14 жолу мыйзамдар өзгөртүлүп, ишти бууганга аракет жүрүптүр.

Директор СЭЗ Бишкек Кудрет Тайчабаров в рабочем кабинете
© Фото / Тынчтык Алтымышев
Кудрет Тайчабаров: чындыгында мен Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин артыкчылык менен бүтүргөм. Бирок мамлекеттик кызматтарда айлык аз болгондуктан, башында журналистика тармагына кетип калгам

Эркин экономикалык аймакта азыр жеңилдик жок, ага караганда өндүрүштү анын сыртында жүргүзгөн оңоюраак. Ошол талкаланган жерге барып ишти баштадык. Азыр жаңы жетекчиликтин аракетин түшүнгөн инвесторлор кайра ишин жандантып, ишкерлик жүргүзүү үчүн жерлерди сурап жатышат. Айтор, инвесторлорду кайра тартып жатабыз. Негизи өлкөдөгү инвестициялык климат биздин мекемеден көз каранды. Анткени кандай гана инвестор келбесин, ишкерликке болгон шарттар, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча сурамжылоо, чалгындоо иштерин биздин мекемеден баштайт. "Кыргызстанга келсе болобу, өндүрүш ачса болобу?" деп сураганда эле бул жактагы мурда келген инвесторлор "шарттар начар, жеңилдик жокко эсе" деп качыра берчү экен.

— Азыркы тапта эркин экономикалык аймакта канча чет өлкөлүк инвестор бар?

— Негизи ЭЭА 1995-жылы негизделген. Ошол кезде жеңилдиктер абдан жакшы болуп, 1400гө чейин инвестор келиптир. Азыр 316 эле субъект катталган, анын ичинен 120сы өндүрүш жүргүзүп жатышат. 316 субъектинин 117синин капиталы толугу менен чет өлкөдөн каржыланат. Инвесторлор 32 мамлекеттен, алардын басымдуу бөлүгү Түркия, Кытай, Россия, Казакстан, Ирандан келген.

— Кандай продукциялар өндүрүлөт?

— Ушул тапта 130дан ашык товардын түрү чыгат. Анын ичинде курулуш, айыл чарба азыктары, медициналык каражаттар, азык-түлүктүн түрлөрү бар. Ошондой эле күн энергиясы менен иштеген батареялар, боёктор, кир жуучу каражаттын бардык түрү, самын, суюк самын, идиш, кийим жуучу каражаттар, антисептик, бет кап, балдардын жалаяктары, чемодан, айыл чарбага керектүү продукциялар, токулган кийим, желим түтүктөр, желим идиштер, текстиль, тез бышкан "Алькони" кесмеси, Lets go суусундуктары да өндүрүлөт.

— Бул продукциялар ички рынокко чыгабы?

— "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын баштапкы максаты экспорттук потенциалды көтөрүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана инвестиция тартуу болчу. Негизи бизде чыккан продукциянын 70-80 пайызы сыртка экспорттолушу керек. Көп товарлары сапаттуу болгондуктан кээде эл да талап кылат. ЭЭА бул өзүнчө өлкө сыяктуу. Андагы продукцияны КРдин рыногуна чыгарганга караганда экспортко чыгаруу бажы, салык төлөмдөрү жагынан кыйла жеңилдетилген. Ошондуктан ишкерлердин көбү өндүргөн товарларын сыртка экспорттойт. Элдин бизден чыккан товарларга болгон суроо-талабынан улам жакында ЭЭАнын алдына атайын ири соода дүкөнүн ачып, өзүбүз өндүргөн продукцияны кыргызстандыктарга сатууну максат кылып жатабыз.

Директор СЭЗ Бишкек Кудрет Тайчабаров во время интервью в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кудрет Тайчабаров: элдин бизден чыккан товарларга болгон суроо-талабынан улам жакында ЭЭАнын алдына атайын ири соода дүкөнүн ачып, өзүбүз өндүргөн продукцияны кыргызстандыктарга сатууну максат кылып жатабыз

— Сиз жогоруда инвесторлорго чектөөлөр көп болгонун, катталган субъектилердин жарымынан азы эле иштеп жатканын айтып калдыңыз. Эми ошол инвесторлорго кандай жеңилдиктерди көрсөтөлү деп жатасыздар?

— 14 жолу мыйзам өзгөрдү деп айтпадымбы. Ошол мыйзамдар дайыма инвесторлордун келишине, өндүрүш ачышына жасалма бут тосуп турган. Акыркы мезгилдерде таптакыр эле эркин экономикалык аймакта иштегенге мүмкүн болбой калган. Учурда иштебей жаткан айрым инвесторлор "качан жакшы кадамдар жасалат" деп күтүп отурушат. Биздеги тоскоолдук, чектөөлөрдү байкап Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан инвесторлорду өздөрүнө жеңилдик беребиз деп чакырышат. Бирок булар биздин рынокто орун алып калышкан. Ошондуктан баары эле дароо кете бербей, жакшы күндөрдөн үмүтүн үзбөй отурушат.

Шайлоодон кийин Садыр Жапаров эң алгачкы иш сапарын "Бишкек" эркин экономикалык аймагына жасады. Анткени ага чейин ал өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртам, жумуш орундары ачылат деген убадаларды берген. Келгенде инвесторлордун ар бири менен сүйлөшүп чыгып, жарым күнүн өткөрдү. Андан кийин өкмөт мүчөлөрү, премьер-министр келди.

Биздеги субъектилер Бажы биримдигине киргенден кийин бажы салыгын (пошлина) төлөп калганбыз. Аны Россия, Казакстанда жок кылып жоюп салышкан. Салык төлөсөк КРге анын 1,9 пайыз үлүшү эле кайтат. Бул салыкты алып салбайлыбы деген сунушка Бажы биримдиги "ички мыйзамдарыңарга ылайыктап өзүңөр чечип алсаңар болот" деп жооп берген. Ошол салыкты жокко чыгаруу боюнча сунуш кеткен, азыр мыйзамдын өзгөртүлүшүн күтүп жатабыз. Андан сырткары, депозит деген балээни жокко чыгарттык. Бул ишкерлердин акчасын жөн эле иштетпей кармап турган бут тосуу эле. "Квоталаштыруу" деген дагы бир жеңилдик бар. Анда Кыргызстандын ичине товар чыгарганда салыкты товардын көлөмүнүн 70 пайызына төлөйсүң, ал эми 30 пайызынан бошотулмак. Ушул жеңилдикти да ишке киргизели деп сунуштап жатабыз.

Мындан сырткары, азыр ЭЭАнын башкаруу формасы каралууда. Биздики "мекеме" болуп катталып калган. Бул кошумча жумуш жасоого мүмкүнчүлүк бербейт. Ошол маселе да чечилүүдө.

Эркин экономикалык аймактын ачылганына 25 жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында анын инфраструктурасы эскирип бүткөн. Ошол эле от жагуучу жайы эскилиги жетип жарылайын деп калган экен. Аны оңдош керек. Эркин экономикалык аймак реконструкциялоого муктаж болуп турат.

Мындан сырткары, инвесторлордун заводдору ири көлөмдөгү электр кубаттуулугун талап кылат. Ага байланыштуу электр линияларын тартыш керек. Буга чейин Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан линия тартууга насыя ачкыла деген тапшырма берилген. Бирок биз бул насыяны мыйзамдар толугу менен өзгөртүлүп, инвесторлорго жакшы шарт түзүлүп, өндүрүш жанданганда гана албасак, аны төлөө мүмкүнчүлүгү тобекелдүү деп токтотуп турабыз.

Директор СЭЗ Бишкек Кудрет Тайчабаров во время рабочей поездки
© Фото / Тынчтык Алтымышев
Кудрет Тайчабаров: Жапаров мени "Бишкек" эркин экономикалык аймагына инвесторлорго бут тоскон адамдар менен "чабыша алат" деп жибергенин кийин түшүндүм. Азыр биз ЭЭАнын ишмердиги экономикага чоң салым алып келерин далилдегендей иштетүүнү максат кылдык.

— "Бишкек" эркин экономикалык аймагы башында койгон максаттарына жетиптирби?

— ЭЭАны башка мамлекеттерде ушундай бар экен деп эле ачкандай сезилет. Милдеттерин аткарышкан эмес. Бизге кандай гана инвестор келбесин, ал документинен тышкары бизнес-планын, аткара турчу жумуштарынын документтерин көрсөтүшү керек. Мисалы, канча убакыттын ичинде кандай инвестиция алып келе алат, эмне чыгарат, эмне сатат, мунун баарын айтышы керек. Кээ бир инвесторлор "мынча көлөмдө инвестиция салам" деп туруп айткан сумманы товар түрүндө гана алып келип кайра сатып жүрө берген. Башында айтылган убадалар аткарылган эмес. Мамлекет да өз убадасын аткарбай ири суммада акча салган инвесторлорду ыңгайсыз абалга калтырып, мыйзамдарын 14 жолу өзгөрткөн. Бул мамлекеттик деңгээлдеги алдоо деп сотко берүүнү пландап жүргөндөр да бар.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын НВЦ бөлүгү борбордун эң кымбат, шарты эң жакшы "элитный" районунда жайгашкан. Анын карамагындагы 43 гектар жерге жеке менчик үй салуу үчүн кызыккан тараптар мыйзамдарды жасалма татаалдатып, инвесторлорду бул тараптан качырып, көчүрүп, ЭЭАнын башкаруусун жеке компанияга өткөрүп, андан ары бул аймакка элиталык бийик үйлөрдү курууга далалат жасап келишкен. Андайлар азыр да бар. Жапаров мени бул жакка ошондой адамдар менен "чабыша алат" деп жибергенин кийин түшүндүм. Азыр биз ЭЭАнын ишмердиги экономикага чоң салым алып келерин далилдегендей иштетүүнү максат кылдык.

— Бул да жөнөкөй эмес өтө жооптуу кызмат эмеспи. Сунуш түшкөндө ойлондуңузбу же дароо макул болдуңузбу?

— Экономикалык билимим бар болгондуктан сунуш түшкөндө өтө деле чочулоо болгон жок. Мекемеде жетекчинин орун басары жаш жигит экен. Башкы директор кызматтан кеткени менен орун басары ордунда калды. Анткени мен да жаңы болсом, орун басар да жаңы барса кантип иштемек элек. Ошол себептен аны кызматтан алган жокмун. Мекемеде дагы иштин көзүн билген адистер иштейт экен, жамаатка жаңылануу деле кирген жок, айдоочу, кеңешчи сыяктуу адамдар эле кетпесе калганы ошол боюнча эле.

Жамааттын жардамы менен ишти мурдагыдай алып кеткенге, андан да жакшы кылганга аракет кылып жатабыз. Негизи жетекчиликтен көп нерсе көз каранды экен. Мен мекемедегилерге, инвесторлорго "тиешелүү тараптарды, президент, премьер-министрлерди чакырам, көйгөй, маселени өзүңөр айткыла" деп түшүндүргөм. Баары келишти, Эркин экономикалык аймакта болгон көйгөйлөрдү айтып, өздөрү түшүндүрдү. Инвесторлорду биз башкарып эмес, алар менен өнөктөш катары иштешип жатабыз.

— Буга чейин Россияда жүргөнүңүздү жазып калчусуз. Ал жакка кетүүңүзгө эмне себеп болду эле?

— Мага саясий куугунтук болгонун көпчүлүк жакшы билсе керек. Анткени ошол учурда бийликке бир топ сын айткам. Мындан улам мени жалган жалаа менен бир нече ирет камоого аракеттер болду. Акыры тойдо отурган жеримен атайын кызматтардан "сени камаганы жатышат" деген билдирүү келип, тез аранын ичинде сыртка чыгып кеткенге туура келди. Чет өлкөдө өзүмдүн каалоом менен жүргөн эмесмин.

Директор СЭЗ Бишкек Кудрет Тайчабаров во время интервью в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кудрет Тайчабаров: соцтармакка жөнөкөй адам катары пикиримди жазам. Өлкө башчы, мэр, вице-мэрлер деле жазып, эл менен түз байланышта болуп жатышпайбы. Коомдон оолактабай, тескерисинче, мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин элге ачык чыгып жатканын колдогон жакшы

— Ар кандай окуялар боюнча соцтармакка ой-пикириңизди байма-бай жазып турасыз. Бирок сиз аны кызматыңыз менен байланыштырбагыла дегенсиз. Аны кандай түшүнсө болот? Анткени сиз баары бир мамлекетке караган мекеменин жетекчисисиз да.

— "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жаңылыктарын чыгарыш үчүн анын атайын баракчасы бар, мекеме тууралуу маалыматтар ошол жактан берилет. Ал эми соцтармакта менин баракчама чыккан нерсе — бул жеке менин оюм. Мен өмүр бою бул мекемени жетектеп турбайм да. Азыр Facebook баракчамда 18 миң катталуучум, 5 миң досум бар экен. Ошол досторум мага "Бишкек" ЭЭАдагы маалыматтарды чыгарат деп катталган эмес да. Баракчама жумуш тууралуу жаза берсем чыгып кетишет. Кызматтан кеткенден кийин мен да жашашым керек. Соцтармакка жөнөкөй адам катары пикиримди жазам. Өлкө башчы, мэр, вице-мэрлер деле жазып, эл менен түз байланышта болуп жатышпайбы. Коомдон оолактабай, тескерисинче, мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин элге ачык чыгып жатканын колдогон жакшы. Маселен, буга чейинки башкы директорлор өздөрүнө адам жолотпой, эч ким менен баарлашып, сүйлөшчү эмес. Керек болсо карапайым калк бизге ошол соцтармак аркылуу чыгат. Соцтармак аркылуу чектелген болбойт деп ойлойм. Жеке баракчама чыккан нерсе — ал жеке менин оюм. Шоу-бизнес өкүлдөрүнө ыр жазып берип, алар менен абдан жакшы мамиледемин. Алардын баары менен иштешем, анан бир окуясына оюмду жазып койсом дароо "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору катары берген туура эмес. Журналист бул нерсени түшүнүш керек, бул кесиптик этикага жатпайт. Мени эле аңдып туруп алышты. Айрымдары Жапаров өз кишилерин билими туура келбесе деле коюп салды деп жатышат. Менин экономикалык билимим бар экенин көбү билбей эле кеп кылууда. Жамандап жаткан адам тууралуу алгач кененирээк маалымат алганы жакшы да.

— Садыр Жапаров менен кандай түз байланышыңыз бар? Анткени социалдык тармактарга тигил же бул маселе боюнча жазып, президенттин бул боюнча маалыматы бар экенин ишенимдүү айткан постторуңуз бар.

— Садыр Жапаров кошоматчыларды жаман көрөт. "Муну туура эмес кылып жатасыңар" деп сындап турган эки-үч сынчысы бар. Ошолордун бири менмин. Өткөндө бир-эки туура эмес дайындоолор болгондо катуу сын пикиримди айттым. Экөөбүз беш мүнөттөй сүйлөштүк окшойт. Ошондо Facebook баракчама "ызылдабай тургула, алынат, президентке маалымат эми жетти" деп жазган элем. Мындан улам түз сүйлөшөт экен деп калышты окшойт. Ал кишиге сынчы катары чалып, байланышып турабыз. Андан сырткары, инвесторлор келсе мага "жакшы тосуп алгыла" деп түз чалат. Аймактарда жумуш орундарын түзүү жактарын ойлонуу боюнча тапшырмаларын берет. Негизи инвестициялык климатты жакшыртам деген убаданы көп берген үчүн ЭЭАны түздөн-түз көзөмөлдөп турат.

Директор СЭЗ Бишкек Кудрет Тайчабаров и первый вице-премьер-министр Артем Новиков во время выступления на пресс-конференции
© Фото / Тынчтык Алтымышев
Кудрет Тайчабаров: эркин экономикалык аймактын ачылганына 25 жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында анын инфраструктурасы эскирип бүткөн. Ошол эле от жагуучу жайы эскилиги жетип жарылайын деп калган экен. Аны оңдош керек. Эркин экономикалык аймак реконструкциялоого муктаж болуп турат

— Үй-бүлөңүз тууралуу азыноолок кеп кылсаңыз.

— Атам журналист болгон, апам мугалим болуп иштеген. Атам үлкөн саясатчылардан маек алганда кассеталарга түшүрүп келет. Аны биз улам артка түрдүрүп угуп, анан компьютерге терип чыкчубуз. Биз терген текстти атам кайра редакциялачу. Ошентип карындашым экөөбүз тең журналист болуп чыга келдик. Жеке мага китепти көп окутту. Журналистика тармагын окубай эле жакшы билгендиктен, атамдын кеңеши менен кийин экономика факультетине тапшырдым. "Беш жылдык эмгегиң текке кетпесин, мамлекеттик кызматта иштешиң керек" деген аманатын аткарып азыр өзүмдүн алган билимим менен иштеп жатам.

Бир туугандарым тууралуу айта турган болсом, төрт бир тууганмын. Үч уул, бир кыз. Үйдө эң начары менмин десем болот. Бир иним Америкада окуп келген. Жакында Япониядан келип, өз билими, тажрыйбасы, күчү менен сынактан өтүп жетекчилик кызматка дайындалды. Ал англис тилинде ой жүгүртүп, япончо сүйлөй алат. Карындашым көп жылдан бери Жогорку Кеңеште бир нече депутаттын кеңешчи-консультанты. Дагы бир иним Москвада жеке иштери менен алек. Ал да түрк тилин адабий деңгээлде билет.

— Демек, сиз үйдүн улуусу турбайсызбы?

— Ооба, ошол себептен да кеч үйлөндүм. Атамдын көзү өткөндөн кийин үйдөгүлөргө баш-көз болуп, аларга жардам бериш керек болду. Анткени инилерим, карындашым окуйт, апам да жылына дарыланып турушу керек эле.

— Калп айтпасак келинчегиңиз модель беле?

— Модель деле эмес, болгону сулуулар сынагына катышкан. Өзү каскадёр катары да машыгып жүргөн. Азыр эки бала менен үйдө эле.

— Буга чейин ырчыларга ыр жазып берчу эмес белеңиз. Чыгармачылык уланып жатабы?

— Мурда Кыргызпатенттен Айтматов көп гонорар алчу экен, андан кийин Бек Борбиев ала баштаптыр. Акыркы жылдары мен алып калгам. Чет өлкөгө кеткенден кийин көп ыр жазбай калдым. Азыр канчалык аракет кылсам да жаза албайм. Анткени биздин азыркы жумушта баш менен иштегендиктен, мээ чарчап калат. Жазыш аябай кыйынга тура баштады. Качан жазарымды билбейм. Мурда дем алыш күндөрү эле отуруп жазып койчумун. Азыр солгундап калды. Өтө олуттуу адамдар кайрылса, өзүмдү кыйнап жазып жатам.

Директор СЭЗ Бишкек Кудрет Тайчабаров во время интервью в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кудрет Тайчабаров: кайра төрөлсөм футболист болмокмун дей берем. Себеби бул жашоодо убактыңдын көбүн үй-бүлө менен өткөргөн жакшы. Футболчулар машыгууга барат дагы калган убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүп, дүйнө кыдырышат экен

— Экономика, саясат, чыгармачылык. Жан дүйнөңүзгө кайсынысы жакыныраак?

— Кайра төрөлсөм футболист болмокмун дей берем. Себеби бул жашоодо убактыңдын көбүн үй-бүлө менен өткөргөн жакшы. Футболчулар машыгууга барат дагы калган убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүп, дүйнө кыдырышат экен. Чыгармачылык боюнча айтсам, Кудай сага өнөр, талантты бергенден кийин аны чыгарбаса да болбойт тура. Өнөр үчүн жаза да алат деп коюшат. "Кудрет" деген ысымды которгондо "ар тараптуу, универсал" дегенди түшүндүрөт. Мен кайсы жакка, кайсы тармакка барбайын, тез эле өздөштүрүп кетем. Бул нерсеге атам көндүрүп, "адам кылганды адам кыла алат" деп тартынбоого, коркпоого үйрөткөн.

— Спорт жаатында да буга чейин активдүү элеңиз?

— Негизи дасыккан волейболчумун. КРде болгон бардык турнирлерде жеңишке жеткем. Волейболдон автоунаа уткан саналуу эле волейболчу бар. Ошонун бири болдум. Спорт чебери деген наамды саясий чечим менен албай калгам. Ага да журналисттик кесибим күнөөлүү. Азыр да ойнойм, таштап салган жокмун. Айылымдын атынан, райондун атынан 35 жаштан жогоркулар арасындагы турнирлерде ойноп калам. Ойнобосом ооруп калам. Дайыма спорт менен машыгып жүргөн адам отуруп иштеген жумушка да көнө албайт экен. Керели-кечке отура берсең семирип кетесиң, ошондуктан күндө кечинде залга барып турам. Мени көрүп спортко кызыккан жаштар көп. Азыр ошол айылдаш жаштарды машыктырганга көңүл буруп жатабыз.

— Соцтармакка канча убактыңызды бөлөсүз?

— Соцтармакка кирип карап турбасаң, жооп бербесең да сөз тиет. Бизде "чоң болсо эле карабай калды" деп айтышат го. Ошондуктан кирип турам, бирок дайыма эмес. Жолдо тыгын учурунда, түшкү тамакка чыкканда, кечинде. Келген ар бир катка жооп бергенге аракет кылам. Күнүнө соцтармакка эки саатымды кетирем. 2 саат убакыт жетет деп Чубак ажы айтчу эле. Соцтармакты карап турбасаң жаңылыктан артта калышың мүмкүн. Көп жумуштарды соцтармак аркылуу байланышып эле заматта бүтүрүп койгон адатым бар. Бирок жетекчи деп соцтармакта пикир калтырганымды сындагандар жакпай турат. Кызмат убактылуу нерсе, биз эл менен болушубуз керек.

1808
Белгилер:
Кудрет Тайчабаров, кызмат, социалдык тармак, "Бишкек" эркин экономикалык аймагы, сын пикир, маек, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Памирлик Турганбай: Кыргызстанга келүүнү кандай гана эңсебедим. Жетим калбайлычы...
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Новиков кыргыз-өзбек чек арасына эркин экономикалык аймак курууну талкуулады
Ымыркай. Архив

Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды

11
(жаңыланган 11:30 03.03.2021)
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин көрсөткөн, бирок кийинки анализдерде ымыркайда оорунун жаңы түрү аныкталган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.

Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.

Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.

Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.

COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.

11
Белгилер:
кош бойлуу, ымыркай, коронавирус, Швеция
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Италияда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды
ДССУ: коронавирустун ыңгайлашып, көнүшүп кетүүсүнө жол бербейли!
Калпакчан балдар. Архив

Парад, жарманке. Бишкекте Калпак күнүнө карата иш-чара өтөт

13
(жаңыланган 11:28 03.03.2021)
Иш-чарада салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү айтылды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, иш-чараны министрлик, Бишкек мэриясы жана "Улуттук намыс" уюму уюштурат.

"Анда салттуу кийимдердин парады болуп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Калпактардын түрлөрү, салттуу кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Иш-чара 4-март күнү саат 10:00дө баштала турганы айтылып, салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү кошумчаланды.

13
Белгилер:
жарманке, баш кийим, министрлик, маданият, иш-чара, калпак
Тема боюнча
Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Архив

Иманалиев: негизги эки документ жок, Конституция долбоорун карай албайбыз

0
(жаңыланган 12:03 03.03.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламенттин укугу да жок.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Конституциянын долбоорун жана референдум дайындоого негиз жок экенин айтты.

Анын айтымында, долбоорду кароого негиз болчу эки документ жок, мындан улам регламент боюнча кароого парламент укуктуу эмес.

"Сөз жок, керектүү эң негизги документ жок экен. Мындай жагдайда сөзсүз түрдө Конституциялык палатанын корутундусу керек. Экинчиден, "ооба референдум өткөрүүгө өкмөт макул, мынча каражат керек" деген өкмөттүн корутундусу зарыл", — деди эл өкүлү.

Андан соң өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөттүн оң корутундусу бар экенин айтып, референдум өткөрүүгө 60 миллион сом керектелерин билдирди.

Иманалиев мындай корутунду депутаттарга берилбегенине нааразы болду.

0
Белгилер:
документ, Жогорку Кеңеш, долбоор, кароо, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
ЖКда Конституциянын автору делген депутаттардын атын ачыктоо талап кылынды
Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап жатат. Түз эфир
Мамытов Конституция долбоорун талкуулабай, референдум дайындоого чакырды