Эртең Бишкектин жарыксыз кала турган конуштары менен көчөлөрү. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЛампа. Иллюстративдик сүрөт
Лампа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштери жүргүзүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым жерелеринде эртең, 18-февралда, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — 5-кичи райондун бир бөлүгү (№ 55а, 57, 58, 66 үйлөрү), 9-кичи райондун бир бөлүгү (№ 1, 4, 4а үйлөрү);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Элебесов көчөсүнүн ЧЧКдан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Юнусалиев, Ахунбаев, Койбагаров, Белорусский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Кубанский жана Терский туюк көчөлөрү;
  • 9:30дан 17:30га чейин — Профессор Зима көчөсүндө жана Ак-Босого конушунда (Чүй 56 — Чүй 61 көчөлөрү);
  • 10:00дөн 13:00гө чейин — Фучик көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Дзержинский, Күрөңкеев, Магаданский, Эркиндик көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Александровский туюк көчөсүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0