Курулуп жаткан мектептеги класс. Архив

БАЭдеги фонд Кыргызстанга билим берүү комплексин курат

93
(жаңыланган 20:18 17.02.2021)
Кыргызстанга фонддун атынан делегация келет. Алар долбоорду ишке ашыруу маселесинин үстүндө иштешет.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Аль-Мактум кайрымдуулук фонду Кыргызстанга билим берүү комплексин курат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мындай чечим министр Алмазбек Бейшеналиевдин аталган фонддун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль-Саег менен жолугушуусунда кабыл алынган.

"Мөөнөтү сүйлөшүлгөндөн кийин Кыргызстанга фонддун делегациясы келиши күтүлүүдө. Алар долбоорду ишке ашыруу маселесинин үстүндө иштешет", — дешти министрликтен.

Бейшеналиев иш сапарынын алкагында БАЭнин билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль-Хаммади менен жолукту. Алар билим берүү жаатында кызматташууну талкуулашты.

Мындан сырткары, министр Бейшеналиев Мохамед бин Заед аль-Нахаян атындагы дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллект университетине барды.

93
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Бейшеналиев Пакистанда КР ЖОЖдорун кара тизмеден чыгарууну талкуулады
Китайские солдаты проходят мимо китайского флага на бульваре Экспо на сайте World Expo 2010 в Шанхае 31 октября 2010 года

Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди

0
Мамлекет башчысы атасы Нуркожо Жапаров 30 жашында, 1960-жылдары бабаларынын жери — Ысык-Көл облусуна кайтып келгенин айтты.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.

Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.

"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары атам ата-бабаларыбызын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.

"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.

0
Работники ремонтирует высоковольтные линии электропередач в Вухлехирске, к юго-востоку от Дебальцево, 11 марта 2015 года

"Түндүк электр": 1-мартта карызы бар 5 миң абоненттин жарыгы өчөт

3
(жаңыланган 12:55 26.02.2021)
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды эсептерди убагында төлөөгө чакырды. Абоненттер канча карызы бар экенин интернет аркылуу биле алат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Жарандар сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.

"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.

Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.

Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.

3
Белгилер:
карыз, абонент, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
Күн кескин сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы