Куткаруучулар Бишкекте сууга түшүп кеткен кишини аман алып чыгышты. Сүрөт

© Sputnik / Александр ПирагисКуткаруучу круг. Архив
Куткаруучу круг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
112 кызматына маалымат түшөрү менен жерине беш куткаруучу барып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен адамды аман алып калышты.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектинде Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 47 жаштагы кишини куткаруучулар аман алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя бүгүн болгон. 112 кызматына маалымат түшөрү менен жерине беш куткаруучу барып, белгисиз себептерден улам сууга түшүп кеткен адамды 5 метрлик бийиктикке атайын шаймандардын жардамы менен алып чыгышты.
Жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0