Биринчи класстын окуучулары мектепте сабак учурунда. Архив

1-класска электрондук каттоо жүргүзүүгө дагы беш шаар кошулду

88
Электрондук каттоо долбоору быйыл кирген шаар жашоочулары 1-класска кирчү балдарын 15-апрелден тарта мектепке жаздыра башташы шарт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын дагы беш шаарында мектепке электрондук каттоо долбоору иштеп баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, электрондук каттоо долбоору өлкөнүн Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында эки жылдан бери иштеп жатат. Аталган калааларда баланы 1-класска электрондук каттоо 15-февралда старт алып, 15-августта аяктайт.

"Быйыл бул долбоор Каракол, Нарын, Баткен, Талас, Кара-Суу шаарларына да киргизилди. Бул жерлерде электрондук каттоо 15-апрелде башталып, 15-августта бүтөт", — деп айтылат маалыматта.

Айрым аймактарда электрондук каттоо кийинчерээк башталганы менен шарттары, жол-жобосу бирдей экени кошумчаланды.

Балдарын 1-класска каттоо үчүн сайтына кирүүсү кажет. Ал жакта ата-эненин биринин, окуй турчу баланын маалыматтары толтурулуп, андан соң мектеп тандалат. Арыз ийгиликтүү толтурулган соң мектеп жетекчилигинен электрондук почтага "балаңыз кабыл алынды" деген билдирүү келет. Андан кийин ата-эне керектүү документтерин 15 күндүн ичинде алып бара турганы айтылды. Кошумча маалымат алууну каалагандар министрликтин 0312 88 71 99,0500 88 71 99, 0222 88 71 99, 0990 88 71 99 телефондоруна чалса болот.

88
Белгилер:
1-класс, мектеп, электрондук каттоо, Кыргызстан
Тема боюнча
1-класска барчу баланы электрондук каттоодон кантип өткөрүү керек? 8 эреже
Окуучу. Архив

Мектептерди ачууну талкуулайт. Новиков ата-энелер менен жолугушууга ниеттенүүдө

31
(жаңыланган 22:55 02.03.2021)
Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөрдү.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков борбор калаадагы мектептердеги окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселесин талкуулоону пландап жатат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөргөн.

Мэриянын өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер жана билим берүү процессин салттуу форматта жандандырууга даярдыгы жөнүндө айтып беришкен.

"Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу калк үчүн маанилүү. Жакынкы күндөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, ушул темада талкуу жүргүзүүнү пландап жатам. Бул иштерди аткарууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын камсыз кылуу маанилүү", — деген Новиков.

Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Мектеп медицинасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык эсептөө жүргүзүүнү тапшырган. Министрлик бир жуманын ичинде каржы булагын да аныкташы керек.

31
Белгилер:
жолугушуу, ата-эне, бала бакча, мектеп, Артем Новиков
Тема боюнча
Окуучулардын онлайн окууну таштайбыз деген талабы. Мэриянын жообу
Жамгыр. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

40
3-мартка караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +1…+6, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жергесинде +3…+8, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градус болору боолголонду.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +4…+6, Ош шаарында +9…+11 градус болот.

40
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайрадан суук түшөбү? Мартка карата аба ырайы
Абактын терезеси. Архив

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши көз жумду. Ишти УКМК иликтейт

0
(жаңыланган 00:35 03.03.2021)
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги аны көзөмөлгө алган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.

"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.

Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.

Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

0
Белгилер:
шектүү, өлүм, милиция, Сокулук району, Чүй облусу
Тема боюнча
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү