БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстан 54 тонна козу карын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Товар жалпысынан 511 миң долларга бааланды.
Кеп чийки, кайнатылган, тоңдурулган, кургатылган жана консервацияланган козу карындар тууралуу болуп жатат. Түрлөрү боюнча жалпы маалымат жок. Бирок 0,1 тонна Agaricus (шампиньон) сортун Түштүк Корея сатып алганы айтылат.
Кайсы мамлекеттер Кыргызстандан козу карын сатып алган:
Мурдагы жылы КР 400,7 миң долларга бааланган 44,3 тонна козу карын сатканы кошумчаланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан сүрөт түрмөк даярдады.
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Учурда ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. Чыгармачылык потенциалын шакирттерин тарбиялоого жумшап келет. Эки уулдун апасы, бир нече неберенин чоң энеси.
"Өмүр бою элге кызмат кылдым, мактаныч, кубаныч сезим менен бактылуу кишимин деп айтсам жарашат. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.
Токтакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине кеңири интервью берип, өмүрүнүн кызыктуу учурлары, учурда аны кубанткан ирмемдер жана түйшөлткөн маселелер туурасында ой бөлүшкөн.
Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган
Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.
22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.
29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун "Искусство жөнүндө баян" фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл
Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова
Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.
Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.
Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.
Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. "Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.
Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы "Манас" орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь
Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова
Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. "Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын", — деди ал бизге берген маегинде.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.