Жардам кызматы. Архив

Бишкектин көйгөйүн мэриянын аппарат башчысына түз жеткирүүгө болот. Номери

37
(жаңыланган 09:53 18.02.2021)
Шаардыктар арыз, кайрылууларды жана ар түрдүү маселенин сүрөт менен видеосун мэриянын өкүлүнө жөнөтө алат.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы көйгөйлөрдү мэриянын аппарат жетекчиси Абдес Анарбековго WhatsApp аркылуу билдирүүгө болот. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

"Урматтуу шаар тургундары! Шаарыбыздагы көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун, арыздарды, жоопсуз калган кайрылууларды Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Абдес Анарбеков жеке көзөмөлгө алып, алардын убагында чечилүүсүнө көмөк көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Шаардыктар бардык кайрылууларды WhatsApp колдонмосу аркылуу 0553 312 158 номерине жибере алат.

37
Белгилер:
номер, кайрылуу, көйгөй, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкек мэрия: 8-мартка карата жарыяланган 500 миң сомдук тендер жокко чыкты 
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты

5
(жаңыланган 18:22 03.03.2021)
Матраимов УКМКнын тергөө абагынан жеке клиникага качан которулганы айтылган жок. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.

"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.

Матраимов УКМКнын тергөө абагынан жеке клиникага качан которулганы айтылган жок. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.

Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

5
Белгилер:
абал, клиника, Райымбек Матраимов, Кыргызстан
Тема боюнча
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты
Гезиттер. Архив

"Кыргыз Туусуна" жаңы башкы редактор дайындалды

8
Басма үйүнүн мурдагы жетекчиси Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен кеткен. Бүгүн жаңы жетекчи дайындалды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мырзакат Тыналиев "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Эске салсак, басма үйүнүн мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен алынган болчу.

8
Белгилер:
редактор, гезит, "Кыргыз Туусу" гезити, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбаков: "Кыргыз Туусу" мамлекеттик болгону менен өкмөттөн каржыланбайт