Кечээтен бери 70 кишиден коронавирус табылып, бир бейтап көз жумду

© AP Photo / Lee Jin-manКоргоочу кийимчен медициналык кызматкер кол каптарды дезинфекциялап жатат
Коргоочу кийимчен медициналык кызматкер кол каптарды дезинфекциялап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Бишкекте төрт медиктен коронавирус аныкталып, алты ак халатчан дартты жеңип үйлөрүнө чыгарылганы айтылды.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 70 кишиден табылып, 73 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 26;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 3.
Ушуну менен коронавирус жалпы 85 689 кишиден табылды.
Айыккандар:
  • Бишкек – 34;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 22;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1.
Жуктургандардын ичинен басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 82 525 адам дартты жеңген.
Медициналык кызматкер ооруканада бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Узакбаев: жылда эле ушу маалда көп бала пневмонияга чалдыгат, дүрбөлөңгө түшпөгүлө
Оору бир сутка ичинде Бишкек шаарынан бир адамдын өмүрүн алган. Муну менен акка моюн сунгандардын саны 1 447ге жетти.
Учурда ооруканаларда 418 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 125 бейтаптын абалы оор болсо, 21 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде Бишкектен төрт медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда алты медик ооруну жеңгени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0