БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Иликтөөлөргө караганда, коронавируска кабылгандардын басымдуу бөлүгү каны II жана IV топко киргендер. Ал эми каны I топтогулар салыштырмалуу аз. Бул тууралуу Европа медицина борборунун жалпы практикалык дарыгери Анна Кулинковичке шилтеме берип "Прайм" басылмасы жазды.
Адистин айтымында, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн масштабы анчалык чоң болбогон соң так кесе бүтүм чыгарууга эрте. Бирок жалпы картинаны түшүнүүгө толук шарт түзөт.
"Жалпысынан алып караганда, COVID-19га чалдыккандардын арасында каны I топко кирген адамдар аз экен. Ошондой эле алардын илдети жеңил өтүп, кан айлануу системасына көп таасир этпейт. Каны II жана IV топтогулар катуураак ооруй турганы дагы аныкталды", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле, Кулинкович кошумчалагандай, Кытайда коронавирустан каза болгондордун арасында каны II топко кирген адамдар көп болгон.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айдоочулар жаңы автоунаа сатып алууда беш нерсени эске алышы керектигин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, биринчи кезекте унаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулардан (дилер) качуу керек. Себеби кийин көйгөйлөр болсо аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.
Экинчиден, компанияда токтоп турган жаңы унаалардан албай эле, өзүңүздүн атыңызга буюртма кылып күтө турган оң. Себеби ашыкча эле опцияларга каражат кетиши мүмкүн.Документтерди толтурууда майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле адистер автоунаанын баасы, алып кетүү убактысы жана дилердин жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат алууга кеңеш берген.
Мындан тышкары, автокөлүктү сатып алууда арзандатуулар тууралуу сурап, машинанын алды-артын кылдат текшерүүнү эскертишкен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.
"Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз", — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.
Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония март айындагы репертуарын жарыялады.
Майрамдарга бай жаздын алгачкы айында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн бир нече концерттик программалар уюштурула турганы маалым болду.