Бишкек шаарындагы Ала-тоо кинотеатры

Кинотеатрларга маңдайындагы жарнамалык баннерлерди алуу талабы коюлду

74
(жаңыланган 10:47 18.02.2021)
Кинотеатрлардын айрымдары республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусуна ээ экендиги, аларга шаардыктар сый-урмат менен мамиле кылышы керектиги белгиленди.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ири кинотеатрларга имараттарынын алдыңкы бетиндеги көрнөк-жарнак, афишалык баннерлери менен LED-мониторлорду алуу талабы коюлду. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы кабарлады.

  • Бишкек шаарындагы ири кинотеатрларга имараттарынын алдыңкы бетиндеги көрнөк-жарнак, афишалык баннерлери менен LED-мониторлорду алуу талабы коюлду
    Бишкек шаарындагы ири кинотеатрларга имараттарынын алдыңкы бетиндеги көрнөк-жарнак, афишалык баннерлери менен LED-мониторлорду алуу талабы коюлду
    © Фото / пресс-служба МП "Бишкекглавархитектура"
  • Мекеме Ала-Тоо, Россия, Манас жана Октябрь кинотеатрларынын жетекчилерине тиешелүү билдирүү жөнөткөн
    Мекеме "Ала-Тоо", "Россия", "Манас" жана "Октябрь" кинотеатрларынын жетекчилерине тиешелүү билдирүү жөнөткөн
    © Фото / пресс-служба МП "Бишкекглавархитектура"
  • Ошондой эле Бишкекте кайрадан афиша чаптаган тумбалар пайда болору айтылды
    Ошондой эле Бишкекте кайрадан афиша чаптаган тумбалар пайда болору айтылды
    © Фото / пресс-служба МП "Бишкекглавархитектура"
1 / 3
© Фото / пресс-служба МП "Бишкекглавархитектура"
Бишкек шаарындагы ири кинотеатрларга имараттарынын алдыңкы бетиндеги көрнөк-жарнак, афишалык баннерлери менен LED-мониторлорду алуу талабы коюлду

Мекеме "Ала-Тоо", "Россия", "Манас" жана "Октябрь" кинотеатрларынын жетекчилерине тиешелүү билдирүү жөнөткөн.

"Акыркы убакта бул имараттардын маңдайы кинопремьеранын анонсуна, афишалык баннерлерге, деги эле жарнамаларга толуп, дээрлик фасад көрүнбөй калды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Бишкекте кайрадан афиша чаптаган тумбалар пайда болору айтылды.

"Бишкек башкы архитектура" кинотеатрлардын айрымдары республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусуна ээ экендигин, айрымдары тарыхый мурастардын корголуучу аймагында жайгашканын белгиледи.

Ошондой эле мекеме шаардыктар тарыхый-маданий мурас объектилерине сый-урмат менен мамиле кылышы керектигин кошумчалаган.

74
Белгилер:
талап, баннер, жарнама, кинотеатр, Бишкекбашкыархитектура, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилет. Видео жана карта

22 жаштан 75 жашка чейинки ирмемдер. Самара Токтакунованын сүрөттөрү

21
(жаңыланган 16:03 09.03.2021)
  • Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган
  • Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.
  • 22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.
  • 29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун Искусство жөнүндө баян фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл
  • Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова
  • Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.
  • Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.
  • Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.
  • Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм, — дейт залкар комузчу.
  • Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы Манас орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь
  • Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова
  • Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын, — деди ал бизге берген маегинде.
Бүгүн СССРдин эл артисти, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III жана II даражадагы "Манас" орденинин ээси, залкар комузчулардын бири Самара Токтакунованын туулган күнү. Ардактуу инсан 76 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан сүрөт түрмөк даярдады.

Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Учурда ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. Чыгармачылык потенциалын шакирттерин тарбиялоого жумшап келет. Эки уулдун апасы, бир нече неберенин чоң энеси.

"Өмүр бою элге кызмат кылдым, мактаныч, кубаныч сезим менен бактылуу кишимин деп айтсам жарашат. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.

Токтакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине кеңири интервью берип, өмүрүнүн кызыктуу учурлары, учурда аны кубанткан ирмемдер жана түйшөлткөн маселелер туурасында ой бөлүшкөн.

21
  • Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган

  • Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.
    © Sputnik / Александр Поготов

    Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.

  • 22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.
    © Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

    22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.

  • 29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун Искусство жөнүндө баян фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун "Искусство жөнүндө баян" фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл

  • Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова
    © Sputnik / Александр Поготов

    Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова

  • Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.
    © Фото / из личного архива Самары Токтакуновой

    Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.

  • Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.
    © Sputnik / Мамадалиев

    Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.

  • Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.
    © Sputnik / Мамадалиев

    Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.

  • Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм, — дейт залкар комузчу.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. "Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.

  • Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы Манас орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы "Манас" орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь

  • Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова
    © Фото / Данияр Жаркынбаев

    Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова

  • Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын, — деди ал бизге берген маегинде.
    © Фото / Данияр Жаркынбаев

    Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. "Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын", — деди ал бизге берген маегинде.

Белгилер:
артист, устат, комузчу, Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова, Кыргызстан
Тема боюнча
Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты
Көчөрбаев: Самара Токтакунова баспаган кызыл килемден кимдер гана баспады
Кийинки кезде концертке чыккандан тартынчу болдум. Самара Токтакунова менен маек
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Ноорузга карата Чолпон-Ата, Ош шаарларында ат оюндары өтөт

39
(жаңыланган 15:13 09.03.2021)
Мелдештер аймактарда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясы, өлкөнүн Көк бөрү, Аргымак, Салбуурун, Эр эңиш федерациялары уюштурууда.

Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.

Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.

39
Белгилер:
Чолпон-Ата, Ош, Көк бөрү, мелдеш, улуттук ат оюндары, Нооруз
Тема боюнча
Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды
Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бармай болду

0
(жаңыланган 16:27 09.03.2021)
Сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

0
Белгилер:
мамлекеттик сапар, президент, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Коңшулук мамилени арттыралы. Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды