Новиков: мектептерди толук кандуу иштетүү азырынча эрте

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер-министр Артем Новиков
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Кеңешмеде тиешелүү органдар 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн сын укту.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков балдардын пневмонияга чалдыгуусуна байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Новиков балдардын пневмония, сасык тумоо жана Кавасаки синдромуна кабылышы коомчулук арасында тынчсыздануу жаратып жатканын белгилеген.
Биринчи вице-премьер тиешелүү органдарды 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн сындаган.
"14 жашка чейин балдар тууралуу бирдиктүү медициналык маалымат базасын түзүп, күн сайын сасык тумоо жана пневмония боюнча каттоо жүргүзүү зарыл. Бардык билим берүү мекемелери ар бир баланын абалы тууралуу маалымат берип турушу шарт. Мектепке чейинки мекемелер жана мектептер учурда чектөөлөр менен иштеп жатат. Бирок анализ жүргүзмөйүнчө аларды толук кандуу иштетүү тууралуу сөз кыла албайбыз", — деген Новиков.
Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев Бишкекте жана өлкөдө балдар арасында катталып жаткан пневмония оорусу, ага байланыштуу азыркы кырдаал тууралуу маалымат берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0