Балдардан ПЦР-тест алынат. Өкмөт мектеп, бакчаларга бир нече тапшырма берди

© REUTERS / ALLISON DINNERБала COVID-19 тестине тапшырып жатат. Архив
Бала COVID-19 тестине тапшырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Биринчи вице-премьер мектеп жана бала бакчаларда коронавирустун белгилери байкалган бөбөк, жеткинчектерден ПЦР-тест алуу тапшырмасын берген.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өкмөт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Бишкек мэриясына жума ичинде балдарды медициналык кароодон өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн биринчи вице-премьер Артем Новиков балдардын пневмонияга чалдыгуусуна байланыштуу кеңешме өткөргөн.
Медициналык кароодон мектепте кадимки тартипте окуп жаткан окуучулар өтө турганы маалым болду.
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Новиков: мектептерди толук кандуу иштетүү азырынча эрте
Биринчи вице-премьер мектеп жана бала бакчаларда коронавирустун белгилери байкалган бөбөк, жеткинчектерден ПЦР-тест алуу тапшырмасын берген. Ошондой эле 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын түзүп, мамлекеттик жана жеке менчик медициналык жайларда өз каалоосу менен сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү да табышталган.
Новиков балдарды мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде профилактикалык кароо жүргүзүү системалык түрдө жасалышы зарыл экенин белгилеп, мындай практика кийинки жумадан тарта ар бир билим берүү мекемесинде ишке ашырылышы керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0