Ош шаарынын бюджети былтыркыдан 32 млн. сомго көбөйдү

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Шаарык кеңештин депутаттары 18-февралдагы кезектеги жыйынында жергиликтүү бюджетти кабыл алып берди.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ош шаарынын бюджети 2021-жылга карата 1 миллиард 357 миллион 700 миң сом болуп бекитилди. Тиешелүү токтомду бүгүн, 18-февралда, шаарык кеңештин депутаттары кабыл алды.
Жыйынга калаа мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Белгилей кетсек, узаган 2020-жылдын бюджети 1 миллиард 325 миллион 600 миң сом менен бекитилген. Быйылкы казына 32,1 миллион сомго көбөйдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0