Калориялуу азыктар кошулду. КР аскерлеринин тамак-аш рациону өзгөрдү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРКыргызстан аскер кызматкерлери
Кыргызстан аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Азык-түлүктүн жаңы нормасын кабыл алууда аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы, климаттык шарт жана башкалар эске алынган.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРКРдин Куралдуу күчтөрүнүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди
Новая норма пайка для военнослужащих срочной службы ВС КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасы бекитилди
Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынган.
"Эми жоокерлердин тамак-ашынын рационунда ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн калориялуу азыктар, мисалы, жарым-жартылай ышталган колбаса, жумуртка, сыр, коюлтулган сүт, табигый жемиш ширеси же жаңы жемиштер болот. Мындан тышкары, эт, балык, кесме жана өсүмдүк майынын суткалык ченеми бир кыйла жогорулайт", — деп айтылат маалыматта.
Аталган норма Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин адистери тарабынан иштелип чыгып, илимий изилдөөлөрдөн соң кабыл алынган.
Азык-түлүктүн жаңы нормасында аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы, күн тартиби, климаттык шарт, ошондой эле улуттук тамактануу өзгөчөлүктөрү дагы эске алынганы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0