БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын октябрь айында кызматтан алынган "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин башкы көзөмөл органы "Манас Менеджмент Компани" жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташууда атайын коррупциялык схема түзүлгөнүн жана мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин аныктаган.
Жакында эле Башкы прокуратура тарабынан "Манас" аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалып, эки айга камакка алынган. Ал эми Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовго да жогорудагы коррупциялык иштерге байланыштуу дагы бир айып тагылган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.