БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна учуп барды.
Аталган видео социалдык тармакка жарыяланды, аны түз эфирдин 12.15 мүнөтүнөн баштап көрүүгө болот.
Кадрдан Ташиев чогулган тургундарга иш сапарынын планын айтып берип жатканын көрүүгө болот. Анын жанында жаңы дайындалган өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев турат.
Өткөн жумада 12-февраль күнү Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалып, ийгиликтүү өткөнү белгиленген. Ал 18-февралда кайтып келип, дароо чек арадагы кырдаал менен таанышуу үчүн Баткенге барары айтылган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атамбаев ички иштер органдарынын иштеп жатканда мыйзамсыз байыганы жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып, 3-мартта кармалган болчу.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.
"4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыяндын бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр табигый карылык процессин жайлатышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гериатры Ольга Ткачевага таянып жазды.
"Эмдөө кээ бир жугуштуу ооруларды гана алдын албай карылыктын ылдамдыгына да таасирин тийгизет. Вакцина системалык сезгенүү синдромун азайтып, карылык процессин жайлата алат", — деген Ткачева.
Ал адамда системалык сезгенүү канчалык көп болсо, ошончолук тез карый турганын айткан.