БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети бир жылдын аралыгында (2020 жана 2021-жылдын январь айларында) азык-түлүккө болгон баа кандайча өзгөргөнү туурасында маалымат берди.
Статистикага ылайык, азык-түлүктүн наркы быйыл 18,5 пайызга кымбаттаган.
Баалар канчалык өстү (пайыз менен):
Ошол эле учурда таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.
Өткөн жылдын декабрына салыштырып караганда дагы азык-түлүктөрдүн баасы 1,7 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчы алдыда "Манас" эпосун даңазалоо боюнча атайын программа иштеп чыгуу жана каржы булагын табуу милдети турганын белгиледи.
"Манас" театрын ачуу боюнча алгачкы кадамдар жасалууда. Анын жардамы менен мамлекет манасчыларга кам көрүп, аларды бириктирип, ушул өнөрдү жайылтат", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле "Манас" эпосу темасы ар бир театрдын репертуарында болушу керектигин белгиледи.
Өлкө башчы маданият тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, театрларды эффективдүү иштетүүнүн жолун таап, алардын чыгармачылыгын өстүрүү башкы милдет экенин айтты.
Жапаровдун белгилешинче, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт. Ал заманбап таланттуу акындардын, жазуучулардын жана композиторлордун жаңы чыгармалары элге керек болуп турганын белгиледи.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 28-февралда, республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0...+5, ал эми Нарында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында жана Ош калаасында +5...+7 градусту көрсөтөт.