Тажикстандан кууп чыгарттык. Ташиев "Дженго" кантип кармалганын айтты

© Фото / пресс-служба ГКНБ"Дженго" кримтөбөлдүн кармалышы
Дженго кримтөбөлдүн кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Кримтөбөлдү кармоо үчүн чекисттер үч ай артынан жүргөн, бул убакта ал Тажикстанга кирип кетип баш калкалап турган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түштүк регионун көзөмөлдөйт делген "Дженго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду кантип кармаганы туурасында айтып берди.
Учурда ал чек арадагы кырдаал боюнча Баткен облусунун тургундары менен жолугуп жатат.
Ташиевдин айтымында, чекисттер "Дженгону" кармоо үчүн үч ай бою артынан аңдып жүргөн.
"Аны кармайын десең эле Баткен аркылуу Тажикстанга кирип кетет. Бир канча убакыттан кийин кайра Кыргызстанга чыгып келет. Кармайын десең дагы Тажикстанга кирип кетет. Акыры Тажикстандын УКМК төрагасы менен сүйлөшүп, чек арасынан кууп чыгартып, анан кармадык", — деди Ташиев.
Дженгонун хан сарайы менен башка байлыгы тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
"Дженгонун" хан сарайы менен башка байлыгы тартылган видео
Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан өкүлдөрдүн бири Кадырбек Досонов кармалып, 12-февраль күнү камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Жакында эле кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылды.
УКМК Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0