УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: чек араны тактоодо жер алмашабыз, туура түшүнүңүздөр

859
(жаңыланган 14:38 18.02.2021)
УКМК төрагасы тургундарга мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген бир да чечим кабыл алынбай турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Март айынын башында Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара боюнча мамлекеттик комиссия ишин жандантат. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ташиев чек араны тактоодо жер алмашуу болорун, бирок аны түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген бир да чечим кабыл алынбай турганын баса белгиледи.

"Бул жерден 10 жер алыш үчүн, аркы жагынан эки-үч жер бергенге туура келип атат. Муну силер туура түшүнүшүңөр керек. "Ата-бабам мал багып жүргөн жайлоо эмне үчүн өтүп кетти" деп чыкпай, сабыр кылып туруңуздар. Картаны, документти карап бир чечимге келебиз. Мисалы, Ала-Букадан жер берсек, анын ордуна Сузактан алабыз. Көбүрөөк жер алыш үчүн мамлекеттин бир ууч жерин беребиз. Баары биз ойлогондой боло бербейт, кээде коңшулардын көңүлүнө карап каласың", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал өткөн жылы декабрда Өзбекстандан делегация Бишкекке келип эки күн жүргөнүн айтты. Анда дагы талаш-тартыш түнкү саат 3:00гө чейин созулуп, эки тарапка тең туура келе турган протоколго кол коюлганын кошмчулады.

Аны менен катар мындан ары кыргыз бийлиги Чек ара кызматын күчтөндүрө турганын билдирди.

Мындан сырткары, Ташиев Баткен облусундагы коррупция, контрабанда фактылары аныкталбай жатканына нааразы болду. Бул боюнча бүгүн УКМКнын жана Чек ара кызматынын кызматкерлерине чогулуш өткөрө турганын айтты.

859
Белгилер:
Баткен облусу, чек ара, Камчыбек Ташиев, УКМК
Тема боюнча
Чет элдиктерге мүлк сатпайт, калктын саны өсөт. Баткенге берилчү статустун жобосу
Баткенде чек арачылар жаңжал чыгып кетүү коркунучун алдын алышты
Жолугушуунун катышуучулары. Архив

Финполду жоюу боюнча комиссиянын курамына киргендер. Тизме

4
(жаңыланган 15:44 09.03.2021)
Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Эми атайын комиссия түзүлдү.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (Финансы полициясы) жоюу боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн өкмөттөн билдиришти.

Комиссияны жетектей турчулар:

  • Кылычбек Абышев — Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
  • Жоомартбек Султанов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Комиссиянын мүчөлөрү:

  • Сэйитбек Эрматов — Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча секторунун инспектору;
  • Бексултан Мамытов — өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;
  • Кумарбек Байдылдаев — Башкы прокуратуранын экономикалык калмыштарга каршы күрөшүү жана бажы органдарында ыкчам, издөө жана тергөө ишмердигин көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Садыгүл Алымкулова — Кадр кызматынын мыйзамдуулукту маниторингдөө жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Садыгүл Мамбетов — өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) штабынын жетекчиси;
  • Жибек Дуйшеева — Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Камил Чоткараев — Экономика жана финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Мелис Акжигит уулу — Юстиция министрлигинин финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Максат Эсенбаев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • Руслан Иманбеков — Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын стратегиялык талдоо жана тобокелдиктерди баалоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Чолпонкул Мадьяров — Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы мамлекеттик эмгек инспектору;
  • Канат Рыскулов — Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын жетекчиси;
  • Канат Тыналиев — Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөр башкармалыгынын жетекчиси;
  • Анастасия Кокина — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) штабынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Жазина Рыспекова — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) штабынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • Кубанычбек Масаитов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Эльдар Фархадов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • Индира Өмүрбекова — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору;
  • Венера Сейдахматова — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) штабынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн инспектору;
  • Сооронбай Идрисов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Жибек Төрөбаева — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) кадрлар бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • Зухра Абдырахманова — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Эмил Келдибеков — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын финансы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Айнура Джунушева — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын финансы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору;
  • Айжан Асанакунова — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын финансы, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору;
  • Чыңгыз Исмаилов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын санариптештирүү жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • Кайрат Сагынов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) камсыздоо, санариптештирүү жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын санариптештирүү жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн инспектору;
  • Дильбар Сабитова-Ким — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) жалпы бөлүмүнүн начальниги;
  • Аскар Ишенбек — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) жалпы бөлүмүнүн инспектору;
  • Мирлан Жалгасынов — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн начальниги;
  • Айбек Пахыров — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;
  • Азамат Осмоналиев — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) тергөө башкармалыгынын контролдук-методикалык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү.
4
Белгилер:
тизме, өкмөт, комиссия, финансы полициясы, Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Ноорузга карата Чолпон-Ата, Ош шаарларында ат оюндары өтөт

23
(жаңыланган 15:13 09.03.2021)
Мелдештер аймактарда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясы, өлкөнүн Көк бөрү, Аргымак, Салбуурун, Эр эңиш федерациялары уюштурууда.

Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.

Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.

23
Белгилер:
Чолпон-Ата, Ош, Көк бөрү, мелдеш, улуттук ат оюндары, Нооруз
Тема боюнча
Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды
Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт