Бүгүнкү маектешим — балдар урологу Болотбек Эсембаев. Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүн жетектейт. Иш кабинетине качан барсаң да сыртта балдарын көтөргөн жаш ата-энелер тизилип турганын көрөсүң. Арасында уулун сүннөткө отургузуу үчүн келгендер аз эмес.
Дарыгер бүгүн дал ушул сүннөт тууралуу кеңири маек куруп берди. Материалдан эркек балалуу болгон ата-эне эмнелерди билиши керектигин окуп биле аласыз.
— Сүннөткө отургузуу — илимий жактан караганда канчалык зарыл нерсе?
— Медицинада бул операция циркумцизия деп аталат. Эркек баланын жыныстык мүчөсүнүн учундагы терини алып салуу. Мындай жол менен бала гигиеналык жактан таза жүрүп, ар кандай жыныстык илдеттерди алдын алат.
— Бул операция үчүн баланын жашы маанилүүбү?
— Медициналык көз караш менен алганда канчалык эрте жасалса, ошончолук жакшы. Негизи бала төрөлгөндөн жети күн өткөн соң жасата берсе болот. Ал эми эл арасында айтылып жүргөндөй 3, 5 же 7 жашында жасатыш керек деген түшүнүк илимий жактан негизделген эмес.
— Демек, ата-эне кайсы учурда баласын сүннөткө отургузабыз деп чечсе, ошол замат дарыгерге кайрылса болобу?
— Жок, бул чоң жаңылыштык. Эркек болуп туулса эле аны сөзсүз сүннөткө отургузуу зарыл эмес. Тагыраагы, анын анатомиялык өзгөчөлүгү же тубаса кемтиктери болушу мүмкүн. Мисалы, айрым балдар "уялчаак жыныстык мүчө" менен туулат. Башкача айтканда, орган бери чыгып турбай, ары кирип, теринин алдында "жашынып" турат. Аны кичинекей кезинде эле кестирип салбай, 5-7 жашка чыккыча күтүш керек. Ошол маалда баланын организминдеги майлар бойго кетип, орган бери чыга баштайт. Эгер таптакыр эле чыкпаса, пластикалык операция жолу менен калыбына келтирүү керек.Өткөндө бир окуя болду. Энеси кыргыз, атасы казак баланы таятасы бизге алып келиптир. Казакстандан Кыргызстанга тайларына каникулга жиберсе, таятасы сүннөткө отургуздуруп коюптур. Көрсө бала мен айтып жаткандай көйгөй менен туулган экен. Анын үстүнө толмоч бала болгондуктан жыныстык мүчөсү таптакыр эле көрүнбөй калыптыр. Таятасы эмне кылабыз деп чыйпылыктайт. Ошол бойдон үйүнө кетирсек атасы эмне дейт, казакстандык дарыгерлер кыргызстандык кесиптештер эч нерсе билбейби деп шылдыңдабайбы. Пластикалык операция жасап, жакшынакай кылып бердик.
Бул эми патологиялардын бир гана мисалы, андан тышкары, жыныстык мүчө түз эмес, башка жакты карап калган учурлар болот. Аларга дагы дароо жасай албайбыз.
— Сүннөткө отургузардан мурда баланы уролологго көрсөтүп алыш керек экен да?
— Сөзсүз эле уролог эмес, балдар хирургу деле билет. Балдар хирургдары ординатурада окуп жатканда биринчи үйрөнүүчү операция дал ушул циркумцизия.
— Сүннөткө отургузчу дарыгерди кантип тандаш керек?
— Уролог-хирург, балдар хирургу мындай операцияларды жакшы жасашат. Айрымдар шашылып кетип чоңдордун хирургдарына деле жасата беришет. Албетте, алар деле сүннөткө отургуза алат. Бирок кийин жарааты ырбап кетип, бизге кайрылгандар дагы болот.
— Мисалы, эмне болуп кетет?
Эсиңерде болсо, мындан бир топ жыл мурда Нарында чуу жараткан окуя болгон. Чоң атасына небересин таштап кетишсе, үйүнө хирург чакырып "ырымдата" коюптур. Дарыгер тажрыйбалуу эле экен, бирок кокустук болуп наристенин жыныс мүчөсүнүн учу кошо кесилип калган. Ошол учурда мен №3 Балдар ооруканасында иштечүмүн. Операция кылып, кесилип калган жерге башка материалдан курап бергенбиз. Азыр ал бала 20га чыгып калды болуш керек, ошол бойдон тагдыры эмне болгонун билген жокмун.
— Сиз пластикалык жол менен кесилип калган жерлерин кошуп беребиз деп жатпайсызбы. Ал материалдар кайдан алынат?
— Баланын өзүнүн организминен.
— Андай балдар кийин толук кандуу өмүр сүрө алабы?
— Төгөрөгү төп болушу кыйын. Анткени орган анча сезимтал болбой калат. Дене кумарына оңой менен бата албайт, дүүлүгүүнүн башка жолдорун издөөгө туура келиши мүмкүн. Кыскасы, бул чоң трагедия. Ошол үчүн ата-энелер шашпай, ойлонуп иш кылышы керек. Антпесе баланын тагдырына балта чаап коюу бат эле.
— Азыр лазер менен канатпай сүннөткө отургузуп беребиз деген жарнамалар көп...
— Бул жөн гана жарнама. Анткени Кыргызстанда лазердик аппараттын өзү жок. Сыртынан караганда лазерге окшогон жабдуу бар. Зымды кыпкызыл кылып ысытып, ошону менен кесишет. Чындап эле канабайт, себеби кан тамырлар куйкаланып калат.
Лазер менен кесүү — албетте, сонун ыкма. Ийненин учундай ичке нур терини көз ирмемде оорутпай, канатпай, идеалдуу кесип берет. Андан кийин орган өтө тез калыбына келет. Бирок ал кымбат баалуу аппарат, бизге келе элек.
— Айрым урологдор баланы сүннөткө отургузуу зарыл эмес деп эсептейт экен. Сиз кандай пикирдесиз?
— XXI кылымда циркумцизиянын өтө зарылдыгы жок дегенге бир жагынан кошулам. Медик катары себебин түшүндүрүп берейин. Биринчиден, азыр гигиенаны сактоонун бардык шарты бар. Алгач ата-эне жакшылап кам көрүп, кийин баланын өзүнө жыныс органдарын таза алып жүрүүгө үйрөтүп койсо болот.
— Негизи баланы сүннөткө даярдоо керекпи?
— Албетте даярдык керек. Мисалы, операцияга бир нече ай калганда баланын жыныс мүчөсүнүн учундагы терини артка түрүп көндүрүш керек. Бул нерсени кылып жүргөн балдарда операция учурунда териси бат ачылып, кескен жери бат бүтөт. Антпесе айрымдардын териси жабышып калып, сыйрып ачууга туура келет. Негизи эле ата-эне оюна "тык" эткен жерден сүннөткө отургузабыз деп чечип койгон болбойт. Жогоруда айткандай, буга бир топ даярдык керек.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.