20 жаштагы Садыр Жапаров. Президенттин армиядагы кези. Фотофакт

1474
(жаңыланган 16:32 18.02.2021)
Өлкө башчы Садыр Жапаров Советтик Армиянын катарында кызмат ѳтѳгөн саясатчылардын бири. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын армиядагы сүрөтүн сунуштайт.
Садыр Жапаров армиядагы кези. Архив
© Фото / пресс-служба президента КР

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзедеги дене тарбия институтуна өткөн. Бирок 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин катардагы жоокерден Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командирине чейин жеткен.

Ал "Советтик Армиянын отличниги" наамын алган.

1474
Белгилер:
сүрөт, жоокер, армия, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жаңы канайым жана аны жандап отурган уул-кызы. Фотофакт
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Муфтийдин милдетин аткаруучу, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов. Архив

Кадыр Маликовдун атасы дүйнө салды

19
(жаңыланган 10:09 05.03.2021)
Дин аалымы Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп былтыр августта дайындалган. Муфтийдин милдетин аткаруучу ага көңүл айтты.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев орун басары, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

"Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам. Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз. Жараткан маркум атаңызды өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп былтыр августта дайындалган.

Курманбек Бийгелдиев — Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун уулу.

19
Белгилер:
өлүм, ата, муфтият, Кадыр Маликов
Тема боюнча
Кадыр Маликов муфтияттагы кырдаал боюнча үн катты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Улуулуктун символу. Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

33
(жаңыланган 09:48 05.03.2021)
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы калпак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгонун белгилеп, абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келгенин белгилеген.

"Ата-бабабыз кастарлаган ак калпак  кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыюусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр-азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген", — деп айтылат куттуктоодо.

Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.

2019-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине "Кыргыз элинин эркектеринин баш кийими ак калпакты жасоодогу салттуу ыкмалары жана кийүү маданияты" деген аталышта катталып, мекендештерибизди сыймыкка бөлөгөн.

"Кыргыздын улуттук кийимдери элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан-муунга таберик болуп сакталып калды", — деди президент.

Сөзүнүн соңунда кыргыздын байыркы нарк-насили, улуттук көркөм дөөлөттөрү сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта берерине тилектештигин билдирген.

33
Белгилер:
куттуктоо, калпак, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады
Дүйнө кыдырган ак калпак. Чет элдик атактуулар, кыйындар кийип түшкөн сүрөттөр
Рим шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив

Европа өз көйгөйлөрүнө күнөөлүүнү тапты. Бет тырмарлыкпы?..

0
(жаңыланган 10:14 05.03.2021)
Европа биримдигиндеги демократиялык процесстерге чет элдик кийлигишүүлөр боюнча Европарламенттин атайын комитетинин угууларында европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель бурмаланган маалыматтык кампанияга Россияны айыптады.

Боррелдин айтымында, бул Евробиримдиктеги демократияны каралоого жана эл аралык кызматташтыкты чабалдатууга багытталган. Бул тууралуу Ирина Алкснистин материалын РИА Новости жарыялады.

Боррель мизи али кайта элек пандемия шартында жалган жана жаңылыш ойго түрткөн маалыматтардын өтө кооптуулугун белгилеген. "Биз Кремлге ыктаган каналдардын бет кап тагынуунун кажети жоктугун айтканын, карантинге каршы козуткандарын көрдүк", — дейт ал.

Дипломаттын пикиринде, эми Москванын вакциналык дипломатиясы биринчи планга чыкты. Ал бир жагынан батыш препараттарын жана өндүрүшчүлөрүн каралоого тырышып, экинчи жагынан өздөрү өндүргөндөрүн даңазалап, активдүү таанытууга аракет кылууда.

Европалык аткаминердин тынчсыздануусун түшүнүүгө болот. Ошол эле убакта Россияда турмуш көпчүлүк үчүн азыраак ыңгайсыз болсо да кадимки нугуна түшүп калды. Ал эми бийлик пандемиядан улам киргизген чектөөлөрүн акырындап алууда.

Европада жаңы карантиндик катаал чаралар толкуну башталып туру. Финляндияда өзгөчө абал жарыяланып, Чехияда дүйнөдө илдет эң көп катталгандыгынан улам тургундарга жашаган райондорунан чыгууга тыюу салынган. Италияда да чектөөлөр күчөтүлдү.

Өз кезегинде дээрлик бир жылдан берки тыюу салуулар жана үйдө отургандан жадаган Европа калкы бийликтин бул чаралардын баары өз саламаттыгы үчүн деген аргументтеринин эч бирин уккусу келбей баратат. Массалык протесттер дээрлик бүт континентке жайылды.

Кырдаал ушунчалык татаал экенин мындан билиңиз, биримдиктин бекемдиги көз алдыбызда бириндөөдө. Чехия "Спутник V" вакцинасын алуу үчүн Россияга кайрылды, бул – өлкөнүн президенти жана премьер-министринин макулдашылган позициясы. Словакия андан да алдыга кетип, аркасынан Венгрия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн европалык жөнгө салуучуну күтпөстөн россиялык препаратты тездетилген жол-жобо менен каттады.

Коронавирус боюнча кыйла татаал кырдаалдагы поляктар үчүн Россияга жардам сурап кайрылуу акылга сыйгыс, ошондуктан алар COVID-19га каршы вакцина жөнүндө Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.

Абал бир жыл мурунку окуяны эске салууда. Анда Европа биримдиги өзгөчө кырдаалда өзүнүн толук алсыздыгын көрсөтүп, анын мүчөлөрү курч каатчылыкка каршы өз алдынча күрөшүүгө мажбур болгон. Айырмасы – анда глобалдык масштабдагы күтүүсүз жагдай эле, бул чындап эле принципиалдуу түрдө маанилүү. Анын жүрүшүндө өзгөчө шарттарда ыкчам реакция зарыл учурда Брюссель аракетке жөндөмсүз экени айгинеленди.

Бул, албетте, Европа үчүн жагымсыз ачылыш. Бирок ошол абалда ЕБдин дармансыздыгын актоого болбосо да, жок дегенде көйгөйдүн өтө күтүүсүздүгү жана глобалдуулугун түшүндүрүүгө болмок.

Азыр кырдаал алда канча башкараак. Пандемиядан улам күтүүсүздүктүн таасири басаңдаганда Евробиримдик кайрадан тирдене түшкөн. Анткени анын күчтүү деп саналган сапаттары, атап айтканда, стратегиялык пландоо, татаал процесстерди уюштуруу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрө билиши зарыл болду. Европалык бийликтин жакындагы эле аракеттеринде, маселен, экономиканы кайра калыбына келтирүү планынан дүйнө жүзүнө мындай коркунучтар менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтө тургандыгы боюнча убадасы байкалат. Көрсөтүштү. Анын натыйжасы маанилүү багыттардагы ийгиликсиз аракеттери болду.

Европа талдалган карантиндик стратегия өз башына муш болду, ал эми калкты эмдөө боюнча иш жагдайын сүрөттөө үчүн "кырсык" деген гана аныктама туура келет. Ошону менен катар мындай абалдын кейиштүүлүгүн мындан билиңиз, пандемия менен күрөшүүдө үлгү болгусу келген өлкөлөрдүн өзүндө абал Европадагыдан бир топ дурус.

Ал эми бардык нерсенин өзөгүндө европалык бийлик тарабынан кабыл алынган жаңылыш чечимдер. Бул Европа биримдигинин кадыр-баркына алапайын таппай калган бир жыл мурунку абалынан да катуу доо кетирет.

Ушундай жагдайда чыгыш европалык мамлекеттердин өз алдынча аракет этүүгө умтулганы түшүнүктүү. Алар, албетте, ЕБ курамында экинчи сапта турушарын жакшы билишет, ошондой эле коронавирус көйгөйүндө калдык принциби боюнча жардам алууга мажбур экенин билет. Натыйжада өз кезегин сабырдуулук менен күтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн саны улам арбып, анын ордуна алар Брюсселдин уруксатын албастан аракетке өттү. Брексит, ошондой эле өзгөчө шарттарда да Брюсселге кылчактабаган польшалык жана венгриялык бийликтин евроскептицизминин өрчүп баратышы Европа биримдиги үчүн анча жакшы көрүнүш эмес.

Дээрлик алты жыл мурун Европа өзүнө миграциялык каатчылык уюштуруп, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Пандемияга каршы күрөш европалык саясатты дагы бир ийгиликсиздикке тушуктуруп, кыска эле мезгил ичинде оор кесепеттерге кептеген кыйла стратегиялык туура эмес эсептер менен жүргүзүлгөнүн көрсөттү.

Брюсселдин көйгөйдү сырттан европалык демократия жана шериктештикке доо кетирген душман издөөгө шылтоо менен өз катачылыктарын моюнга алуудан принципиалдуу түрдө баш тартышы бул маселелер менен эле токтоп калбастыгын кепилдейт.

0
Белгилер:
душман, пандемия, коронавирус, Россия, Европа, АКШ
Тема боюнча
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр