БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев россиялык кесиптеши Евгений Зиничев менен жолукканын ӨКМ билдирди.
Министрлер президент Садыр Жапаровдун Россияга болчу иш сапарынын алкагында жолугушкан.
"Ведомство жетекчилери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу жаатында кызматташууну жана кыргызстандык куткаруучулардын Россия ӨКМинде даярдыктан өтүүсүн талкуулашты. Жакын арада кыргызстандык адистердин тоо куткаруучусу жана суучулдар курсунан өтүүсүн уюштуруу маселеси чечиле турганы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Ажикеев Россия тарапка кыргызстандыктарга көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Зиничев өз кезегинде КР ӨКМинин 30 жылдыгы менен куттуктап, эл аралык жарандык коргонуу багыты боюнча ортого салынган маселелерди чечүүгө жардам берүүгө даярдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.