БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Токмок шаарынын тушундагы камыштан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлаган.
Ага ылайык, Бишкек — Нарын —Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянттагы өрт 18-февраль күнү саат 20:24тө чектөөгө алынып, 22:04тө өчүрүлгөн.Эске салсак, бүгүн, 18-февралда, Токмок шаарынын тушундагы ачык аянтта камыш өрттөнгөн. Ал жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу төрт бөлүм тартылганы айтылган болчу.
Кырсыктын эмнеден келип чыкканы айтыла элек.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мырзакат Тыналиев "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, басма үйүнүн мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен алынган болчу.