БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Беларустук уролог, андролог Руслан Дорошевич жергиликтүү Health.tut.by агенттигине маек берип жатып эркектин бел кубатын бекемдеп турчу тестостерон гормонун нормада кармап туруу жолдорун санап берди.
Кыймыл гормондун жетиштүү көлөмдө кармалышына жардам берет. Бирок организмди ого эле кыйнап, булчуңдар алсыз болуп калганга чейин жеткирбеш керек. Катуу чарчаган организм стресске кабылат. Бул керектүү гормондорду азайтат.
Күнүнө 6-8 саат уктаган эркекте тестостеронду нормасында кармоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Уйкусу канбаган эркек төшөктө да алсызыраак болот. Муну адистер гормондун деңгээлинин түшүп кеткени менен байланыштырышат.
Стресс болгон организмде кортизол гормону көтөрүлүп, тестостеронду азайтат.
Май организмге аялдарга тиешелүү эстроген гормонун бөлүп чыгарат. Ошол себептүү ашыкча салмагы бар балдардын жыныстык жетилүүсү теңтуштарына салыштырмалуу кечирээк болот.
Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Тестостерону жетиштүү эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Мисалы, бизнесте, спортто, үй-бүлөлүк турмушта… Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.
Гормондун тартыштыгы ден соолукка бир топ залакасын тийгизет. Мисалы, сөөктөр морт болуп, акырындык менен бой кыскара баштайт. Ошондой эле кан айлануу начарлап, мунун айынан чач түшөт, атеросклероз пайда болот.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.