БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Унутчаактык адамдагы оорулар туурасында кабар бериши мүмкүн. Бул туурасында Евдокимов атындагы Москва мамлекеттик медициналык-стоматологиялык университетинин Терапевтикалык клиникасынын директору жана терапия кафедрасынын башчысы, профессор Аркадий Верткин айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Бул жерде унутчаактык кайсы курактагы адамда пайда болгонун — баладабы, жашы төмөнүрөөк адамдабы же улгайгандардабы, көңүл буруш керек. Эгерде картайгандарын эс тутуму начарлай баштаган болсо, ал коронавирус менен ооруган-оорубаганына карабай дарыгерге кайрылышы керек. Себеби бул өтө маанилүү симптом", — деген Верткин.
Дарыгер улгайган адамдарды унутчаактыкка алып келиши мүмкүн деген төмөнкү илдеттерди атады:
Верткин аны менен катар эле адамдын дене табынын кескин ысып кеткени, себепсиз чарчоону унутчаактык сыяктуу эле коронавирус менен ооругандыкка байланыштырган.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кар көчкү түшүү коркунучунан улам бүгүн кечинде Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда, саат 22:00дөн таңкы саат 6:00гө чейин чектөө киргизилет. Бул аралыкта жеңил машиналардын да, жүк ташуучу автоунаалардын да түндүк тарабынан "Сосновка", түштүк жагынан "Арал" постунан өтүүсүнө тыюу салынат.Транспорт министрлиги катаал аба ырайы, кар көчкү түшүү коркунучу жаралып жаткандыктан узак жолго чыкпай турууга чакырат.
Белгилей кетсек, кечээ дагы Бишкек — Ош жолу жабылып, таңкы саат 6:00дө жеңил автоунаалардын каттамына уруксат берилген.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.