Автомектепте практикалык экзамен тапшыруу. Архивдик сүрөт

Бишкектеги автомектептердин тизмеги. Шарты жана баалары

540
(жаңыланган 10:54 19.02.2021)
Материалда борбор калаадагы автомектептерди тизмектедик. Айдоочуларды даярдоо категориялары, окуу акысы жана мөөнөтү боюнча да маалымат таба аласыздар.

Бишкектеги автомектептер B, ВС, D жана E категориялары боюнча унаа айдоону үйрөтөт. Окуу узактыгы бир жарым айдан үч жарым айга дейре созулат. Кеңири таралган B категориясына окуу акысы 6 миң сомду түзөт. Бул материалда биз Бишкектеги автомектептердин актуалдуу тизмесин топтодук. Даярдоо категорияларын, окуу мөөнөтү жана акысын да кошо көрсөттүк.

"Форсаж сервис"

  • Дареги: Токтогул көч., 215
  • Категориясы: B
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефон: (0 703) 54 40 83

Auto drive

  • Дареги: Байтик Баатыр, 122а
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 8 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефондору: (0705) 15 49 34, (0558) 55 85 01

“Таза жол” /"Чистая дорога"

  • Дареги: Лев Толстой көч., 210
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: 200 сом/1,5 саат
  • Телефон: (0708) 22 55 04

"Жэк" автомектеби

  • Дареги: Фрунзе көч., 278, Сүйүмбаев (Карпинский) көч. менен кесилишет
  • Категориялары: В
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: 1 сабак — 250 сом (жалпы 15 сабак)
  • Телефондору: (0555) 53 53 35, (0500) 53 53 35

"Авто Плюс"

  • Дареги: Москва көч., 217, 3-кеңсе
  • Категориясы: В
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефон: (0706) 66 08 55

Road star

  • Дареги: Нуркамал Жетикашкаева көч. 29, 305-каб.
  • Категориясы: B
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: күндүзгү топтор — 5 000 сом, кечки — 6 000
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 300 сом
  • Телефондору: (0312) 90 64 49, (0555) 95 49 28, (0553) 10 10 91

New road

  • Дареги: Бейшеналиева көч., 22/1
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 4 000 — 5 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 200 сом
  • Телефондору: (0778) 89 65 64, (0555) 89 65 64

"Автоучкомбинат"

  • Дареги: Горький көч., 2
  • Категориялары: B, ВС, D, Е
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 3 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 200 сом
  • Телефондору: (0312) 53 38 95, 53 39 09, 53 39 45

"Бим"

  • Дареги: Муса Жалил көч., 132/1
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 4 000 — 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом (механ.), саатына 300 сом (автомат.)
  • Телефондору: (0312) 47 27 50, (0772) 80 12 77

ВСД

  • Даректери: Жумабек көч., 9; Абдрахманов көч, 220/1; Новопавловка а., Фрунзе көч., 6
  • Категориялары: B, ВС, С, D, Е
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: 250 сом/1,5 саат (жеңил автомобиль), 400 сом/1,5 саат (жүк ташуучу)
  • Телефон: (0312) 46 10 20

“Башкы жол”/"Главная дорога"

  • Дареги: Лермонтов көч., 2
  • Категориялары: B, ВС, C
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом (жеңил автомобиль), 350 саатына/сом (жүк ташуучу)
  • Телефон: (0708) 27 05 55

ДОСААФ

  • Дареги: Логвиненко көч., 32
  • Категориялары: B, BC жана Д, СЕ кайра даярдоо
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 7 000 сом + Практикалык сабактар үчүн бензин акысы
  • Телефондору: (0312) 67 91 27, 67 82 02

"Ак жол"

  • Дареги: Раззаков көч., 62
  • Категориясы: B
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 200 сом
  • Телефон: (0707) 48 72 74

"Плюс техно"

  • Даректери: Москва көч., 260; Ахунбаев көч., 100
  • Категориясы: B, BC, C
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 4 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом (жеңил автомобиль), 350 саатына/сом (жүк ташуучу)
  • Телефон: (0709) 70 67 40

ДОСААФ — ОСТО

  • Дареги: Ботаника тар көч., 1а
  • Категориялары: B, ВС, С, D, Е
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 7 000 сом + Практикалык сабактар үчүн бензин акысы
  • Телефон: (0312) 54 54 02

"Дос Авто"

  • Дареги: Сүйөркулов көч., 3 б/3, 1-кабат
  • Категориялары: B, ВС, С, D, Е
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3 ай
  • Акысы: 4 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефондору: (0705) 15 11 11, (0312) 57 95 52

"Кара жорго"

  • Дареги: Военно-Антоновка а., Фрунзе көч., 114
  • Категориялары: B, ВС, С, D, Е
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 3 500 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефон: (0777) 10 52 01

"Профи класс" ЖЧКсы

  • Дареги: Москва көч., 268/ 3
  • Категориялары: B, ВС, С жана Д кайра даярдоо
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 8 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефондору: (0312) 46 19 19, (0556) 46 19 19

КРСУ автомектеби

  • Дареги: Шабдан Баатыр пр., 6б
  • Категориясы: В
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефон: (0550) 93 34 22

"Мустанг"

  • Дареги: Сүйүмбаев көч., 17
  • Категориясы: B
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: 250 сом/1,5 саат
  • Телефон: (0500) 60 20 30

“ОБД Борбор”/"ОБД-Центр"

  • Дареги: Чүй пр., 215
  • Категориясы: В
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 230 сом
  • Телефон: (0707) 22 88 18

КЭАУ/МУК

  • Дареги: Эл аралык университет, Турусбеков көч., 89, төмөнкү кабат
  • Категориясы: B
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 250 сом
  • Телефон: (0705) 79 79 11

И.Раззаков атындагы КМТУ Автожол транспортунун ОИТБ

  • Дареги: Сухомлинов көч., 20
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 6 900 сом + Практикалык сабактар үчүн бензин акысы
  • Телефон: (0312) 54 43 28

"Нур жол"

  • Дареги: Военно-Антоновка а., Токтогул көч., 19
  • Категориялары: B, ВС, С
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 4 500 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: 250 сом/1,5 саат
  • Телефон: (0770) 38 39 29

"Жал авто"

  • Даректери: Ахунбаев көч., 200; Юлиус Фучик көч., 1
  • Категориялары: B, ВС, С
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 5 500 — 7 500 сом
  • Телефон: (0772) 94 00 43

УСТА автомектеби

  • Дареги: Малдыбаев көч., 34б, КМКТАУ, 2-жатакана, каб. 130
  • Категориялары: B, BC, C
  • Окуу мөөнөтү: 1,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 3 000 — 6 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 200 сом
  • Телефон: (0550) 20 20 91

"Трансдрайв"

  • Дареги: Лев Толстой көч., 79
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 000 — 7 000 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 200 сом
  • Телефон: (0706) 86 87 77

“Айдоочулар союзу”/"Союз водителей"

  • Дареги: Малдыбаев көч., 34а
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 5 020 — 6 150 сом
  • Практикалык сабактардын акысы: саатына 200 сом (жеңил автомобиль), саатына 300 сом (жүк ташуучу унаа)
  • Телефон: (0312) 54 56 07

ОСТО

  • Дареги: Элебесов көч., 206
  • Категориялары: B, BC
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 — 3,5 ай
  • Акысы: 6 500 — 8 000 сом + Практикалык сабактар үчүн бензин акысы
  • Телефондору: (0312) 67 82 02, 67 91 27

ОСТО (автомотоклуб)

  • Дареги: 12-кичирайон, 21
  • Категориясы: B
  • Окуу мөөнөтү: 2,5 ай
  • Акысы: 6 000 + Практикалык сабактар үчүн бензин акысы
  • Телефон: (0555) 88 82 57
540
Белгилер:
дарек, баалар, шарт, акы, Бишкек, тизме, окуу, автоунаа, мектеп
Тема боюнча
Бишкектеги жеке клиникалардын дареги, телефон номерлери, картасы

Апта ирмеми: асманга атылган жанар тоодон уурдалган окуучуларга чейин

6
  • Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
  • Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
  • Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
  • Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
  • Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
  • Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
  • 2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
  • АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
  • Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
  • Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
  • Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
  • Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
  • Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
  • Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
  • Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
  • 6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
  • Казакстандагы Байконур космодромунан Союз-2.1б космос кемеси Арктика-М аппараты менен кошо асманга учурулду. Арктика-М бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
  • АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши
Жашоо дүйнөнүн ар кайсы бурчунда түрдүү окуялар менен коштолуп жатат. Кээ бир аймактарда нааразычылык акциялар өтүп жатса, айрым өлкөлөрдө балдар уурдалууда. Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Суматра (Индонезия) аралында Синабунг жанар тоосу атылды. Анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президент Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Ереванда (Армения) премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган оппозициянын нааразычылык акциясы өттү.

Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси асманга учту. Ал Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык "Арктика-М" космостук аппараты менен кошо учурулган.

Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер мектепке кол салышып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Кийинчерээк балдар куткарылды.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин Ан-26 учагы менен парашюттан секирүү боюнча машыгуусу өттү.

Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер Усман Сонко камакка алынгандан кийин өлкөнүн Дакар жана башка шаарларында массалык митингдер өтүп, имараттарды өрттөө жана мародерлук менен коштолду.

Италияда салттуу Милан мода жумалыгы өттү.

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак болду. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап мелдешти.

 

6
  • Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн
    © REUTERS / ANTARA FOTO

    Индонезиянын Суматра аралында Синабунг жанар тоосу атылып, анын күлү менен түтүнү беш чакырым бийиктикке сапырылды. Жаракат алгандар жана өлүм болгон эмес. Ага карабастан өлкө бийлиги кырсык болгон жердин үч чакырым айланасындагы жашоочулардан коопсуз жакка көчүүнү өтүнүшкөн

  • Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат
    © AFP 2021 / PUNIT PARANJPE

    Мумбайдагы (Индия) Тадж-Махал мейманканасынын алдында жубайлар сүрөткө түшүп жатышат

  • Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда аскер кызматкерлери Ан-26 учагы менен парашюттан секирип, машыгуу өткөрүштү

  • Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат
    © REUTERS / KAI PFAFFENBACH

    Швециялык спортчу Астрид Норстедт лыжа спорту боюнча Германияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында машыгуу секириктерин жасап жатат

  • Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет
    © REUTERS / AFOLABI SOTUNDE

    Нигериянын түндүк-батышында согушкерлер уурдап кеткенден кийин бошотулган мектеп-интернаттын окуучу-кыздарынын сүрөтү. 26-февралда боевиктер Замфара штатындагы мектепке кол салып, 317 окуучу кызды уурдап кетишкен. Нигерияда куралчан топтор акча талап кылуу максатында окуучуларды уурдап кеткен учурлар көп кездешет

  • Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз
    © AFP 2021 / PAU BARRENA

    Испаниянын Айтоне аймагындагы шабдаалы багында сейилдеп жүргөн кыз

  • 2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Ал кошуна өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев жана туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилис (парламент) төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолукту. Иш сапарда бир катар келишимдерге кол коюлду

  • АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат
    © REUTERS / MARIA ALEJANDRA CARDONA

    АКШнын Флорида штатындагы колледждин студенттери деңиз жээгинде жазгы каникулду майрамдап жатышат

  • Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
    © REUTERS / MONICAH MWANGI

    Найробиде (Кения) аял коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат

  • Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду
    © AP Photo / Leo Correa

    Сенегалда оппозиция лидери жана президенттикке талапкер болгон Усман Сонконун камакка алынышы массалык толкундоолорго алып келди. 4-марттан 5-мартка караган түнү Дакар шаарында, анын четинде жана башка шаарларда митингдер өтүп, имараттарды өрттөө, эстеликтерди талкалоо жана мародерлук менен коштолду

  • Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат
    © AP Photo / Kiichiro Sato

    Япониялык макака (маймылдын түрү) Нагано префектурасынын Дзигокудани чөлкөмүндөгү жылуу сууда жуунуп жатат

  • Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү
    © AP Photo / Daniel Cole

    Марселде (Франция) коменданттык саат алдында деңиз жээктей сейилдеген кыздын сүрөтү

  • Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу
    © Sputnik / Арам Нерсесян

    Еревандын (Армения) Баграмян проспектисинде өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинянга каршы өткөн оппозициянын нааразычылык акциясынын катышуучусу

  • Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү
    © REUTERS / VALENTINO

    Миландагы (Италия) мода жумалыгында Valentino күз/кыш–2021 коллекциясы көрсөтүлдү

  • Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз
    © Sputnik / Сергей Пятаков

    Эл аралык аялдар күнүн утурлай Москва метрополитенинде гүл кучактап турган кыз

  • 6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    6-мартта Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында миңдеген атчандардын катышуусунда аламан улак өттү. Бул оюн көк бөрүнүн бир түрү. Мында ар бир катышуучу өзү үчүн ойноп, улакты марага ташташы керек. Улакчылар 70 килограммдык торпокту марага таштап, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү

  • Казакстандагы Байконур космодромунан Союз-2.1б космос кемеси Арктика-М аппараты менен кошо асманга учурулду. Арктика-М бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат
    © Фото / пресс-служба Роскосмоса

    Казакстандагы Байконур космодромунан "Союз-2.1б" космос кемеси "Арктика-М" аппараты менен кошо асманга учурулду. "Арктика-М" бул Арктика чөлкөмүндөгү климатка жана айлана-чөйрөгө байкоо салуучу алгачкы россиялык космостук аппарат болуп саналат

  • АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши
    © AP Photo / Robert F. Bukaty

    АКШнын Нью-Гэмпшир штатында кар баскан токойду аралап бара жаткан киши

Белгилер:
апта, машыгуу, Россия, Кыргызстан, сүрөт
Тема боюнча
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
3 500 метр бийиктиктен парашют менен секирген КР десанттары. Сүрөт түрмөк

Марипов карылар үйүндөгү энелерди көрүп, көзүнө жаш алды. Видео

589
(жаңыланган 17:30 08.03.2021)
Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкектеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган социалдык мекемеге барды.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады. Видеодон ал сүйлөп жатып көзүнө жаш алганын дагы байкоого болот.

"Бул сапар мага аябай көп эмоция берди. Ата-энелер өз балдарынан ушундай мамиле көрүүгө татыктуу эмес", — деп жазган Марипов.

Ошондой эле ал карылар үйүндөгү энелер жалгыз эмес экенин айтып, алар баарыбыздын ата-энебиз катары камкордукка алынарын белгилеген.

"Мен балдар жана карылар үйүнүн жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем. Балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка бөлөнүп жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз", — деди өкмөт башчы.

Андан соң премьер-министр боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынан абалы начар жарандардан кабар алып, ал-жайын сураган.

Ведомство тарабынан скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылып, Марипов алып берүүнү убадалаган.

589
Белгилер:
куттуктоо, Карылар үйү, өкмөт, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Кыйындыкта бел болуудан тайбадыңар! Марипов аялзатын ыр окуп куттуктады. Видео
Кыргыз аялы үй-бүлө ынтымагынын кам көрүүчүсү. Жапаровдун куттуктоосу