БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ири завод ачылат. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган заводду ишке киргизүү долбоорунда консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралганы айтылат.
"Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Бул ишкана айыл өкмөттүн балансында болуп, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй адамга жумуш ордун түзүү болжолдонгон. Заводду ишке киргизүүгө салым кошкон ишкерлер акционер боло алышат", — деп айтылат маалыматта.Облус башчы завод курулчу жерге барып 1970-жылдардагы "Кыргызстандын эти" деген брендди кайра кайтаруу ниетин билдирген. Анын айтымында, учурда Кара-Суунун аймагында үч заманбап мал союучу ишкана курулуп жатат. Алардын сырьесу бул заводго түшүп, даяр продукция катары жасалып экспортко чыгарылат.
Азыркы тапта имараттын экологиялык талаптары боюнча корутунду даярдалууда.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган. Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдордун бар экени маалым болду.
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган. Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга чейин абакта кармоо чечими чыккан. Андан кийин абакта анын кан басымы көтөрүлүп жатканы айтылган.
Буга чейин Бишкекте дагы мурдагы аткаминерди колдогон митинг өткөн.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 464 бейтап көз жумса, анын 1 004ү коронавирус чакырган пневмониядан (U07.2) каза тапкан. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруларды классификациялоодо эки кодду киргизген. Тагыраагы, U07.1 коду — лаборатория тарабынан тастыкталган оору, башкача айтканда, коронавирус. Ал эми U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган пневмония деп эсептелет.Ошондо Кыргызстанда көз жумган жалпы 1 464 бейтаптын ичинен 460ы коронавирустан (U07.1), ал эми 1 004ү пневмониядан ажал тапкан.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 86 229га жетти. Республикалык штаб оору аныкталгандардын көбү кайсы аймактан экенин да көрсөткөн.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 83 179у ооруну жеңгени айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дагестандын Каспийск шаарында дзюдо боюнча уландар арасындагы Түндүк-Кавказ федералдык округунун чемпионатында массалык мушташ чыгып кетти. Бул тууралуу РЕН ТВ билдирди.
Окуянын видеосу "Пул №3" Telegram каналына жарыяланды.
"Мушташ спортчулар 10 мүнөттөн ашык кармашкандан кийин башталды. Дагенстандык күйөрмандардын бири колун булгалап, "Ура!" деп кыйкырып жибергени осетиялык көрүүчүлөргө жакпай калганын айтышты. Мушташкандардын арасында спортчулар да бар экенин угуп жатам", — деди РФтин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хабиб Магомедов.
Анын айтымында, эгер чатакташкандардын арасында спортчулар менен машыктыруучулар бар экени далилденип калса, катуу чаралар көрүлөт. Магомедов деги эле мындай окуянын болушун сынга алган.
"Минтип отурсак эч ким медаль албайт. Ушундай көрүнүштөрдүн айынан атлеттер менен машыктыруучулар убактылуу спорттон четтетилиши ыктымал", — деген ал.
Массалык мушташтан жабыркагандар катталган эмес.