БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын акыр-чикир контейнерлерине сорттоп салуу боюнча пилоттук долбоорду баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Долбоор Октябрь районунда иштеп жатат. Ага азырынча бюджеттен акча корогон жок, колдоо жагын акимиат, муниципалдык аймактык башкармалык, жеке компаниялар жана райондун активисттери колго алган.
"Таштандыларды тамак-аш калдыктарына жана кайра иштетиле турган катуу таштандыларга бөлүү шаардын экологиясына келтирилген зыянды азайтууга мүмкүндүк берет. Анткени айрым түрлөрү 100 жылдан 500 жылга чейин сакталып, ал эми метан бөлүп чыгарган тамак-аш калдыктары таштанды полигонунда өрткө жана түтүндүн чыгышына алып келет", — деп билдирди мэрия.
Таштанды салуучу контейнерлерге атайын стикерлер чапталып, анда айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктары деп жазылат. Челектердин жанында ыктыярчылар шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыны бөлүп салып, тазалыкты сактап турушат.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында үч багытта чечим кабыл алууга болот:
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.