БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышына нааразы болгон топтун митинги өтүп жатат.
Митинг УКМКнын жанында, скверде өтүүдө. Ал жерге келген Матраимовдун тарапташтары "Матраимов качкан жок", "Матраимовдой ким акча жеди?" деген дагы бир катар жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Ал жерде жүргөн кабарчыбыз 70ке чукул киши жүргөнүн билдирди.
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган.
Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (Финансы полициясы) жоюу боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн өкмөттөн билдиришти.
Комиссияны жетектей турчулар:
Комиссиянын мүчөлөрү:
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.
Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчии отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.
Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:
Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.
"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.
Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.
Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.