Матраимовдун кичи мекениндеги тарапташтары дагы митингге чыгышты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек көтөргөн митингчилер. Архив
Желек көтөргөн митингчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында дагы акция өтүп жатат. Бирок мурдагы аткаминердин кичи мекенинде салыштырмалуу көп эл чогулду.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Суу районунда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон тарапташтары митингге чыгышты.
Экс-аткаминердин кичи мекенинде жүздөгөн адам топтолгон.
Учурда Бишкекте дагы акция өтүп жатат. Анда журналисттерди кошпогондо 70ке чукул киши чогулду.
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган.
Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
 Бюро гравировки и печати долларов США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
УКМК Матраимовго байланыштуу иштер боюнча түшүндүрмө берди
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0