БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу боюнча Россиянын тажрыйбасын үйрөнүп келүү үчүн адистерди жиберүү маселеси каралып жатат. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары тууралуу берген маегинде билдирди.
ТИМ башчысы сыноодон ийгиликтүү өткөн "Спутник-V" вакцинасын алууга Кыргызстан башынан эле кызыкдар болуп келгенин белгиледи.
"Азыркы тапта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги россиялык "Спутник-V" жана "ЭпиВакКорона" вакциналарын сертификациялоо иштерин жасап жатат. Бул процедура аяктаган соң биздин тийиштүү ведомстволор препаратты ташып келүүнү уюштуруу жана аны сактоо маселелери боюнча иштеп баштайт", — деди Казакбаев.
Ошондой эле ал январь айында президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Россия президентинин атына Кыргызстанга 500 миң доза вакцина берүү боюнча кайрылуу жибергенин эске салды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы калпак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгонун белгилеп, абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келгенин белгилеген.
"Ата-бабабыз кастарлаган ак калпак кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары акылман, уз-чебер энелерибиз ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыюусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр-азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген", — деп айтылат куттуктоодо.
Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө" расмий токтому чыккан.
"Кыргыздын улуттук кийимдери элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан-муунга таберик болуп сакталып калды", — деди президент.
Сөзүнүн соңунда кыргыздын байыркы нарк-насили, улуттук көркөм дөөлөттөрү сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта берерине тилектештигин билдирген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз байыды деп кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атамбаев ички иштер органдарында иштеп жатканда мыйзамсыз байыган деп жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып, 3-мартта кармалган болчу.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.
"4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыяндын бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Атамбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.