БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Куткаруучулар үчүн "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери" деген жогорку наам негиздөө сунушталууда. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзамдын маалым катында 2017-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамынан "КР эмгек сиңирген куткаруучусу" деген ардак наам алып салынганы белгиленет. Бул адам өмүрүн сактап жүргөн куткаруучуларга туура эмес мамиле деп эсептейт авторлор.
Алар өлкө аймагында жыл сайын 4000ге жакын өрт, 3000ге чукул өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар катталарын мисал келтирген.
"Адам өмүрүн сактоо – жогорку кесипкөйлүктү жана эрдикти талап кылган жооптуу, өтө татаал жана кооптуу жумуш. COVID-19га каршы күрөшүү учурунда да ӨКМдин бөлүмдөрү жогорку жоопкерчилик менен ат көтөргүс жүктү аркалады. Бул – ӨКМ кызматкерлеринин негизги максаты калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо экенинин дагы бир далили", — деп жазылган.
ӨКМ куткаруучуларына төмөнкүлөр кирет: өрт өчүрүүчү, тоодогу куткаруучу, суучул-куткаруучу, альпинист-куткаруучу, жалпы багыттагы куткаруучу, медициналык кызматкер, инженер-химик, радиолог, инженер-геолог, гидрокурулушчу, гидрометеоролог, мониторинг адиси, көчкүгө каршы кызматтар, авиация кызматкери, курулушчу, механик.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.
Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.
"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмекчибиз", — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.
Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.
Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.
Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда 31 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Аял 22-февраль күнү Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинен жайытка кеткен. Ошол эле күнү ӨКМдин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучу, ИИМден төрт кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган. Азырынча жыйынтык жок.
Бүгүн издөө иштери уланууда.