Чогуу окуган агамдан коркуп жүрүп жигит күтө албадым. 30га чыккан кыздын каты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОкуучу кыз. Архив
Окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына мектепте да, жогорку окуу жайда да агасы менен чогуу окуп, анын көзөмөлүнөн жапа чеккен кыздын каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Буга чейин менин көйгөйүм менен психологго кайрылуу керектигин билбептирмин. Курбумдун кеңешин угуп, бул катты жазууну туура көрдүм.
Мага 24 жыл мурда жабышкан көйгөй — бул бир тууган агам. Эмнеге 24 жыл экенин түшүндүрүп берейин. Азыр 30 жаштамын. Өзүмдөн бир жаш улуу агам бар. Ал жетиге, мен алтыга чыкканда ата-энебиз бир мектепке бир класска окутуп коюшту. Башында бул нерсе мага абдан жагып жүрдү. Анткени кичине класстарда классташ балдар тийишип, чачыңдан тартып, кышкысын карга оонатып кыжырыңа тиет эмеспи. Менин жанымда дайыма агам бар. Класстагы балдар анын көзүнчө сөз айта алышпайт.
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Аялым чанып, көзүмө чөп сала баштады... Айласы кеткен жигиттин каты
Кийин чоңоюп, 8-9-класс болуп калганда кадимкидей агамдын "зыяны" тие баштады. Классташтар менен мектептен ойдогудай тамашалашып, ээн-эркин ойноп-күлө албай калдым. Бул куракта биринчи сүйүү келип, жигиттер менен кат алышып, өзүнчө бир сонун нерселер башталат эмеспи. Кыздар, балдар болуп жаратылышка, дискотекага дагы бара албайм. Көбүнесе агам ата-энеме "буга эмне бар, үйдө отурсун" деп айтып таштап кетет. Барган күндө дагы 1-2 сааттан кийин эле "сен үйгө бар" деп жөнөтүп иет.
Бара-бара балдарды мындай эле коелу, айрым кыздар менен "ал жаман кыз" деп сүйлөштүрбөй койчу болгон. Ошентип мектептеги жашоом өзүнчө бир азапка айланып, акыркы класстарда батыраак окууну бүтсөк экен деп кудайдан тилеп калгам. Мектепти аяктаарым менен шаарга кетип, ал жактан ээн болом, дос күтөм деп кыялданчумун.
Мектепти аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн экөөбүз тең жакшы балл алдык. Менин кытай же корей тилин үйрөнөм деген пландарым болгондуктан дароо эле Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетине тапшырып өтүп кеттим. Агам 3-4 окуу жайга талонун салып, экөөнө өттү. Анын бири кайсы дебейсизби? Ошол эле мен окуганы жаткан БГУ болуп чыкты? Ата-энебиз кайра эле бир окуу жайда окуп, окууга жакын жерде бир батирге жашагыла деп агамды көндүрүп салышыптыр.
Ошондогу менин абалымды элестетип көрсөңөр. Бирок ал башка факультет болгондон кийин көп көрүшпөсөк керек деп өзүмдү жооткоттум.
Анткен менен бир курс болгондон кийин дайым эле бир корпуста жүрөбүз, жалпы тааныштарыбыз дагы көп. Айтор, баягы мектептеги жашоо университетте дагы улана баштады.
Чоңоюп калган кызды коргошум керек дедиби, агам мени ого бетер көзөмөлдөп калды. Өзүм деле алгачкы курстарда тынч жүрдүм. Анткени тил үйрөнүшүм керек, башымды башка нерселерге оорутпайм деп өзүмө сөз бергем. Бирок бойго жетип, 20 жаштан өтүп калгандан кийин кадимкидей жигит менен мамиле кургуң келип калат экен. 3-курста группабызга жаңы келген жигит жактырып калганын айта баштады. Чынын айтсам, ал деле мага жакчу. Бирок эмне деп жооп берип, өзүмдү кантип алып жүрөрүмдү билбей койдум. Ал байкуш көпкө аракет кылды. Бирок мен аны өзүмө жакындата алган жокмун, агам билип калса урушат деген ой башымдан такыр кетпей койду.
Намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Дин жолундагы жигитке ишенип, алданып кала жаздадым. Келиндин каты
Университетти бүткөнүмө 6-7 жыл болду. Агам бир нече жыл мурда үйлөнүп, эки балалуу болду. Мен Бишкекте жашайм, жакшы жерде иштейм. Бирок ушул убакка чейин турмуш кура элекмин. Ортодо эки ирет жигит менен мамиле курууга аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Азыр отуруп ойлонуп көрсөм, менде кыздардай болуп кылыктануу же бирөө тийишсе ага жылуу-жумшак жооп кайтаруу деген нерсе такыр жок экен. Жеке турмуш, сүйүү тууралуу сүйлөгөн эркек болсо эле дароо кагып коем.
Курбум эркек менен аялдын ортосунда бир нерсе пайда болушуна аялдын кылыгы абдан маанилүү деп айтат.
Мен болсо эмне кыларымды, жашоомду кантип өзгөртөрүмдү билбейм. Бирок бирөөнү сүйүп, сүйүктүү болуп жашагым келет. Жалгыздыктан тажадым.

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Көпчүлүк учурда ата-энелер улуу балдарына өзүнүн милдеттерин кошо жүктөп коюшат. Бул жигит карындашын карап, бир нерседен коргоп жүрүүнү өзүнө негизги милдет кылып алгандай көрүнөт. Анын үстүнө бир туугандардын ортосундагы симбиотикалык байланыш (бири-биринин психологиялык жактан катуу көз каранды болуу) бузулбай калган сыяктуу. Психологияда ата-эне менен бала же бир туугандар арасында симбиотикалык байланыш деген түшүнүк бар. Бирок ал бара-бара бузулуп, адам өзү индивид катары калыптанышы керек. Антпесе бир туугандар өз алдынча боло албай, башка адамдар менен мамиле түзүп, жеке жашоосун түзүп кете албай калышы мүмкүн.
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Келинимдин уу тилинен заарканып бүттүм. Чүнчүгөн кайнененин каты
Негизи эле балдар ата-энесинен, бир туугандарынан психологиялык көз карандылыктан кичине кезинен эле арылышы керек. Анткени ар бир адамдын өз ою, пикири болуп, эмнени каалап, эмнени каалабай жатканын ачык айтышы зарыл. Бул кыз агасынын жанында болгусу келбегенин ачык айта албаптыр. Анын кесепетинен башка адамдар менен мамиле курганды дагы өздөштүргөн эмес окшойт.
Негизи бул жерде агасына деле оңой болгон эмес. Ал кичине кезинен бери карындашын эмнеден же кимден коргогонун өзү билбей эле ошол функцияны аткара берген. Ал карындашысыз өзүн элестете албашы мүмкүн.
Кыз психологдун жардамына муктаж экен. Ал өзү эмнени каалап жатканын байкап, бул тууралуу сүйлөшүшү керек. Бери дегенде эле бөтөн адамдар менен мамиле курганды кайра башынан үйрөнсө туура болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0