23-февралда белгиленчү Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчылардын армиядагы кезинин сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзедеги дене тарбия институтуна өткөн. Бирок 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин катардагы жоокерден Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командирине чейин жеткен.
Ал "Советтик Армиянын отличниги" наамын алган.
Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими болуп иштеп жүргөн учурунда армияга кеткен. 1981-жылдан 1984-жылга чейин Феодосияда Кара деңиз флотунда кызмат өтөгөн соң кайра мугалимдик кесибин уланткан.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 1987-жылдан 1989-жылга чейин Забайкалье аскер округунда кызмат кылып, стратегиялык маанидеги 05204 ракеталык күчтөрү (аскерлер) бөлүмүнүн сержант-командири болгону айтылды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов 1988-1990-жылдары Ыраакы Чыгышта Приморье шаарында жоокер болгон.
Акыйкатчы Токон Мамытов 1972-1974-жылдары Чехославакияда Калинин атындагы Ропшин дивизиясынын зениттик-ракеталык полкунда кызмат өтөгөн.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 1981-жылдан 1983-жылга чейин Советтик армияда кызмат өтөгөн. Ал Казак ССРинин Семипалатинск облусунда ротанын старшинасы болгон.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.