БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасын жана дарыканалардагы бааны тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, акыркы күндөрү коронавирус менен ооругандардын көбөйүшү кооптондуруп жатат.
"Ооруга чалдыккандардын саны сакайгандардын санынан жогору болууда. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок биз ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. Чүй облусунун Кемин жана Ысык-Ата райондорундагы абал жакшы эмес. Аймактардын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө күчтөндүрүлүшү керек", — деди Новиков.
Ошондой эле ал сезондук курч респиратордук вирустуу инфекцияларга жана бактериялык пневмонияга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.
"Өлкө боюнча саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасын жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Ар бир райондогу эпидемиологиялык абал өзгөчө көзөмөлдө болсун. Биз ар бир райондук ооруканадагы абалды контролдоп, оңдоо иштери жыйынтыкталган соң кошумча инфекциялык бөлүмдөрдү ачабыз", — деди ал.Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, учурда аймактарда кошумча орундарды көбөйтүү боюнча иш жүрүүдө. Алгач 3 500 орун даярдалат, анын 500дөн ашууну интенсивдик терапия палатасында, ага кошумча, дагы 3 400гө жакын орун ачылат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.