БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Мадина Ниязова билдирди.
Матраимовдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандады.
Эске салсак, Райымбек Матраимов 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасы каралмак.
Биринчи жолу өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.
Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.
COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш-чараны министрлик, Бишкек мэриясы жана "Улуттук намыс" уюму уюштурат.
"Анда салттуу кийимдердин парады болуп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Калпактардын түрлөрү, салттуу кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чара 4-март күнү саат 10:00дө баштала турганы айтылып, салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү кошумчаланды.