Кан басымын өлчөө. Архив

Кан басымды дары-дармеги жок кантип түшүрүүгө болот? Кеп-кеңеш

293
Адистер диета кармап, көбүнчө мөмө-жемиш, жашылча жана майлуулугу төмөн сүт азыктарын колдонууну сунушташат.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Америкалык Mayo Clinic клиникасынын кызматкерлери дары-дармеги жок эле кан басымды төмөндөтүүнүн сырын айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Ак халатчандар биринчиден ашыкча салмактан сактанып, аны көзөмөлдөп турууну сунушташат.

"Семиздик уйкуну качырат, мунун кесепетинен дагы адамдын кан басымы жогорулайт", — деп эскертүү берген адистер.

Ошондой эле диета кармап, көбүнчө мөмө-жемиш, жашылча жана майлуулугу төмөн сүт азыктарын колдонуп, тамак-ашка тузду аз кошуу керектигин айтты.

Дарыгерлер спорт менен күн сайын жарым саат машыгып, жөө басып, сууда сүзүп, велосипед тээп, жумасына жок деген эки жолу оор нерселерди көтөрүү зарылчылыгын белгилеген.

Ошол эле маалда чылым, спирт ичимдиктеринен баш тартууну, кофени аз ичүүнү сунуш кылып, эң негизгиси стресстен алыс болуу керектигин кошумчалашты.

293
Белгилер:
кеңеш, дарыгерлер, кан басымы
Тема боюнча
Унутчаак болуп баратасызбы? Дарыгер себепкер ооруларды санап берди
Дарыгер омуртканын "кепилдик мөөнөтүн" жана аны узартуу жолдорун айтты
Кишилер Facebook логотибине заметкаларды жазып жатышат. Архив

Facebook жүздү таануу технологиясын колдонгону үчүн 650 млн. доллар айыпка жыгылды

19
(жаңыланган 15:13 01.03.2021)
2015-жылы штат жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.

2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.

Соттун чечимине ылайык, штаттагы 1,6 миллион тургундун сотко кайрылгандарынын ар бири компенсация катары 345 доллардан алмай болду. Каражаттын бир бөлүгү юристтин ишине жумшалат.

Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.

19
Белгилер:
айып, Facebook, функция, сот, АКШ
Тема боюнча
Компьютерди талкалап кирген хакер эмнелерди көрө алат. Шок кылган видео
Анжелика, Асел, Самара. Instagram баракчасындагы "миллионер" жылдыздар
Ош шаарындагы шайлоо участкасында добуш берүү учурунда кишилер. Архив

УКМК Ошто облус башчысы Абдраимовдун партиясы шайлоого катышып жатканын сындады

147
(жаңыланган 14:32 01.03.2021)
Облус башчысы шайлоого катышып жаткан "Ишеним" саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. УКМК өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовго таандык партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жатканын сындады.

Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.

"Деген менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовдун "Ишеним" саясий партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жатканы тынчсыздандырат. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган. УКМК дал ушул сыяктуу административдик ресурс колдонуу, шайлоонун таза эмес өтүшү 2020-жылдагы октябрь окуяларынын негизги себеби болгон деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК бардык саясий күчтөргө шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертип, эгер жаза басуулар болсо, белгиленген тартипте чара көрүлөрүн билдирди.

147
Белгилер:
Жарасул Абдураимов, саясый партия, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бир да шайлоого катыша албайт. Мыйзам долбоору
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна канча акча сарпталары белгилүү болду
Түркия жана Кытай желектери. Архив

Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат

7
(жаңыланган 15:49 01.03.2021)
Жапаров президент болуп шайлангандан кийин аны биринчи болуп Касым-Жомарт Токаев чакырганын белгиледи.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде жакында Кытай жана Түркия мамлекеттерине иш сапар менен бара турганын билдирди.

Маек учурунда ал Астанага болгон сапары тууралуу айтып, андан соң Өзбекстанга баруусу 11-12-мартка белгиленгенин маалымдады.

"Мен президент болуп шайлангандан кийин мени биринчи болуп Касым-Жомарт Кемелович чакырган, мен келүүгө убада бергем. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстанга биринчи келип жатканымдын себеби дагы ушул. Экинчиден биз, казактар жана кыргыздар — бир тууган, коңшу өлкөбүз. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай", — деди Жапаров.

Ал эми Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей турган чоң маселе барбы деген суроого андай жагдай жок экенин, майда көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечсе болорун айткан.

7
Белгилер:
иш сапар, Казакстан, Түркия, Кытай, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров эртең Казакстанга барып кимдер менен жолугары белгилүү болду
Жапаровдун сапары талкууланат. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бишкекке келди
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады