Аудио китеп угууну кантип өздөштүрүү керек. Адабий сынчынын кеңеши

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКоомдун траспортто китеп окуп бараткан адам. Архив
Коомдун траспортто китеп окуп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Аудио китепке көнүүдө диктордун үнү, окуу манерасы абдан маанилүү. Андыктан бир эле чыгарманы бир нече диктордун аткаруусунда угуп көрүү керек.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Аудио китепти угууну кантип туура өздөштүрүп алса болорун РИА Новости агенттигине адабий сынчы Сергей Сдобнов айтып берди.
"Аудио китептер акыркы жылдары жашообузга сүңгүп кирди. Башка иш кылып жатып деле чыгарманы уга берүү көпчүлүктү кызыктырат. Бул абдан ыңгайлуу. Мурда аудио китептерди угуп көрбөгөн адамдарга алгач буга чейин окуган, өзүнө абдан жаккан китепти угуп көрүңүз деп сунуштайт элем. Бул нерсе чыгарманы кунт коюп угуп, ошол эле учурда башка нерсеге алаксыбай сүңгүп кетүүгө жардам берет", — деди адис.
Ошондой эле ал аудио китепке көнүүдө диктордун үнү, окуу манерасы абдан маанилүү экенин айтат. Андыктан сынчы бир эле чыгарманы бир нече диктордун аткаруусунда угуп көрүүнү сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0