БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвада Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугуп, COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң ПЦР-тест алуу макулдашылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде жардам катары COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң ПЦР-тест алуу макулдашылды. Ошону менен бирге ушул жылы мобилдүү автономдук лаборатория берүү маселеси чечилди", — деп айтылган маалыматта.
Андан сырткары, Россиянын адистеринин кыргызстандык медиктерди окутуу жагынан да көмөктөшө турганы белгилүү болду.
Соңунда министри Бейшеналиев COVID-19 менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Россия өкмөтүнө жана Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.
"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.
"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарандар сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.
Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.
Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.