БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды эмдөөдөн өткөрүүнү сурап россиялык кесиптештерине кайрылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр кечээ, 20-февралда, Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.
"Кыргыз тарап россиялык вакцинаны алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Россияда иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарын COVID-19га каршы эмдөөдөн жапырт өткөрүүнү суранды", — деп айтылат маалыматта.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев 18-февралдан бери Россияда иш сапар менен жүрөт.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мырзакат Тыналиев "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, басма үйүнүн мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштен алынган болчу.