БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан.
Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады.
Иш-чара эркин микрофон тартибинде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн ошол жерден айткан.
"Мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл. Сиздер менен конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, суткасына 24 саат бою байланышта болууга даярмын. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", — деген Марипов.
Ошондой эле премьер-министр учурда өкмөттүн 100 күндүк планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталарын кошумчалады.
Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү көйгөйлөрүн айтып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишкен.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.