Калкты тейлөө борборундагы кардарлар

Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат

214
(жаңыланган 20:09 22.02.2021)
Премьер-министр Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлорунун бардыгы ачык типтеги кеңсе форматында долбоорлонушу керектигин айткан.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат. Мекеме "Эльдорадо" соода борборунун ичинде болмокчу. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

  • Премьер-министр КР Улукбек Марипов с незапланированной проверкой посетил один из Центров обслуживания населения в городе Бишкек
    Бишкектин чок ортосунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат. Мекеме "Эльдорадо" соода борборунун ичинде болмокчу. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Посетители одного из центров обслуживания населения в Бишкеке
    Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Марипов борбор калаадагы калкты тейлөө борборуна эскертүүсүз барып иши менен таанышкан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр КР Улукбек Марипов с незапланированной проверкой посетил один из Центров обслуживания населения в городе Бишкек
    Премьер-министр ошол жактан жакынкы аралыкта “Эльдорадодо” жаңы борбор ачыларын айткан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Один из центров обслуживания населения в Бишкеке
    Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди “open space” (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Посетители одного из центров обслуживания населения в Бишкеке
    Бул өз учурунда кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар-кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзөрү белгиленди.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 5
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бишкектин чок ортосунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат. Мекеме "Эльдорадо" соода борборунун ичинде болмокчу. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди

Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерге тийиштиги бар экенин моюндап, мамлекетке 2 миллиард сомдук зыянды толтуруп берген. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна “Эльдорадо” соода борборун, тогуз батирин өткөрүп бергени айтылган.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Марипов борбор калаадагы Калкты тейлөө борборуна эскертүүсүз барып, иши менен таанышкан. Премьер-министр ошол жактан жакынкы аралыкта “Эльдорадодо” жаңы борбор ачыларын айткан.

“Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү”, — деп билдирген Марипов.

Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди open space (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылган. Бул өз учурунда кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзөрү белгиленди.

214
Белгилер:
Калкты тейлөө борбору, Бишкек
Тема боюнча
Эми бишкектиктер жер меселеси боюнча калкты тейлөө борборуна кайрыла алышат
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

57
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

57
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

943
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

943
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду