Кант диабетинин кооптуулугун кайсы азыктар азайтарын адис айтып берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКызыл шараптын даамын татып жаткан аял. Архив
Кызыл шараптын даамын татып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Мясников ымыркай айына жетпей абдан жеңил салмак менен туулса диабетке чалдыгуу кооптуулугу жараларын эскерткен.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Дарыгер кант диабети кооптуулугун азайта турган азыктарды санап жатып, ага ченеми менен ичилген кофе, сүт жана кызыл шарапты кошту. РИА Новости бул боюнча адис жана теле алып баруучу Александр Мясниковдун айтканына таянып жазды.
Ал экинчи типтеги диабетке чалдыгышы мүмкүн деген адамдардын эмнеден сактанышын эфирде айтып берген.
Нан сатуучу жерде кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Кандай нан кишини семиртип жибербей тургандыгын адис айтып берди
Дарыгер аталган оорунун пайда болушуна генетика, жаш курак жана ашыкча салмак өзүнүн "жардамын берерин" эскерткен. Муну менен катар эле дененин салмагын эле эмес, кишидеги май катмарларына да көңүл бөлүш керектигин айткан. Ал курсактагы май (казы) инсулинди анча тоготпой турган белгинин бири экендигин кошумчалаган.
Мясников, мындан сырткары, ымыркай айына жетпей абдан жеңил салмак менен туулса да диабетке чалдыгуу кооптуулугу жараларын эскерткен. Анткен менен жакшы тамактандырып, жакшы караса баланы андай илдеттен сактап кала тургандыгын айткан.
"Бир бокал кызыл вино, бир күндө төрт чөйчөк кофе жана бир стакан сүт ичүү кант диабетинин өнүгүп кетүү тобокелдигин азайтат", — деген медик "Россия 1" телеканалынын эфириндеги программасында.
Мясников буга чейинки кант диабети туурасында кеңештеринин биринде фруктоза кошулган "диеталык" таттуулар адамды семиртип жана диабеттин өнүгүшүнө алып келерин да айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0